Кыргыз улуттук университетинин 9-жатаканасынын жашоочулары митингге чыгышты. Ректор аларды "сүйлөшпөй коём" деп коркутуп жатат
26-мартта Кыргыз улуттук университетинин 9-жатаканасынын жашоочулары митингге чыгышты.
"Бизди жатаканадан чыгуубузду талап кылып жатышат. Алдын ала эскертүү берилген эмес. Аталган окуу жайдын ректору Канат Садыковго кайрылсак, "чыгасыңар" деп коркутууда. Ошондуктан митингге чыкканга аргасыз болдук", - дейт атын атоодон баш тарткан жатакананын жашоочусу.
Митингде тартылган видеодо Канат Садыковдун "сүйлөшпөй коём" деп айтканын кездештирсе болот.
Эске салсак, 23-мартта "Элдик кабарга" "Жатакананын жашоочуларынан бөлмөлөрдү бошотуусун талап кылган жетекчилик электр жарыгын өчүрдү" деген маалымат келген.
Ал эми окуу жайдын башкы инженери Адылбек Маматов SUPER.KG порталына оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканда жатакананын жашоочуларын башка жакка жашап туруусу эскертилгенин айткан. Ошондой эле ал бүгүнкү күндө жатаканадагы жашоочулардын көпчүлүк бөлүгүн мугалимдер түзөрүн билдирген.
кошулду
Студенттердин жана окутуучулардын митинги
Улуттук университеттин мугалимдери: "Көчөгө чыгып калуу коркунучундабыз"











1 |