Врачтын колго тийген маянасы 5 миң сомго жетпейт. Социалдык тармактарда дарыгерлердин айлыгы кызуу талкууланууда
Социалдык тармакта дарыгерлердин айлыгы кызуу талкууну жаратууда. Бул талкууга жем таштагандардын бири Эльзар Токтоназаров "менин 2018-жылдын март айындагы маянам" деген билдирүүсү болду.
Анда Улуттук госпиталдын ангиохирургу Эльзар Токтоназаров 1 айда 4349 сом алган эсеп кагазын өзүнүн жеке баракчасына жарыялап, "Дарыгерлердин айлыгы" деп жазган. Мындан улам интернет колдонуучулар: "Бул акча менен кантип жашайсыңар?" деген суроону кабыргасынан койсо, айрым медицина кызматкерлери "маршруттук таксилердин айдоочуларынан эмнебиз кем, биз деле ишти таштап салалы" деп өз ойлорун калтырууда.
Ал эми айрым колдонуучулар "Мугалим менен дарыгерлерди карапайым калк багат" деп дарыгерлерди соороткон билдирүүсүн жазышкан.
кошулду
Дарыгерлер 5 миң сом маяна алышабы?
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Жолгире менен обедтен ашпайт.
Кийимди биякка эле коёюн.
Айла жок,быйыл менда мигрант болдум.
Уч баламды алып келип,Рфга бир сом толобой мектеп,садикке жайгаштырдым.
Озумдун айлыгым Кыргызстанда алты айда алган айлыкты бир айда алам.Аллага шугур,бирок окундургону мекенди таштап жургонубуз...
Чондор курсагы ток отуруп алып,ар нерсени доорушот.