super.kg logo

Өжөр ата үмүтүн өчүргөн эмес. Кытайда 3 жашында жоголгон кыз 24 жылдан кийин табылды

 

Кытайдын Чэнду шаарынын тургуну Ван Мин Цин 24 жыл бою издеп жүргөн кызын тапты. Бул тууралуу маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Окуя мындан 24 жыл мурун болгон. Ван Мин Циндин 3 жаштагы Ци Фэн аттуу кызы дайынсыз жоголуп кеткен. Ван Мин Цин жана анын жубайы Лю Дэн Ин жашылча-жемиш сатып эмгектенип, кызын жанына алып алышчу. Бир күнү кечке жуук Ван Мин Цин жанындагы сатуучуга акча майдалатканы кетип, кайра келгенде Ци Фэнди таппай калган. Кызын жоготуп алган ата-эне гезиттер, сайттар аркылуу издөө салышкан. Бирок жыйынтык болгон эмес. Ошондо атасы кызын издөө максатында Чэнду шаарында айдоочу болуп жумушка орношкон. Балким, кызым же аны тааныгандар унаага отуруп калар деп үмүттөнгөн.

Бир нече жылдарга созулган издөө жыйынтыгын бербей калганда Ван Мин Цин 2015-жылы "Диди Чуксинг" транспорт кызматын көрсөтүүчү компанияга ишке орношот. Ал унаанын арткы терезесине кызын издеп жүргөн жарнакты жана кичүү кызынын сүрөтүн чаптап алат. Кыздары бири-бирине аябай окшош болгону үчүн жоголгон кызы тааныгандар жардам берет деп ойлогон.

Күтүлгөндөй эле Ван Мин Циндин кардарлары ага жардам көрсөтүп, билдирүүсүн социалдык тармактардан жайылта баштаган.

Кытайдын түндүгүндөгү Гирин шаарында жашаган 27 жаштагы Кан Ин өзүнө окшош кыздын изделип жатканын көргөн. Ушул жылдын башында кыз Ван Мин Цинге кат жазып, ал издеп жүргөн кызга окшош экенин кабарлаган. Ортодо сүйлөшүүлөр болуп Кан Ин ДНК анализ тапшырганда Ван Мин Циндин кызы экени аныкталган. 3-апрель күнү Кан Ин Гиринден Чэнду шаарына күйөөсү жана 2 баласы менен ата-энесинин үйүнө келген.

Кан Ин же жоголгон кыз Ци Фэн Чэнду шаарынан болгону 20 километр алыстыктагы коңшу шаарда чоңойгондугу белгилүү болгон. Аны асырап алган ата-энеси Кан Инге аны кичинекей кезинде жолдун боюнан таап алышканын айтып берген.






Үзүлбөгөн үмүт: Кытайда жоголгон кызын издеген ата 24 жылдан кийин тапты

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(11)
04.04.2018. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кытайда 3 балага уруксат жокко
04.04.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Jelezo,уруксаат жок деп айтылат. Бирок Джеки Чандын деле Уй булоосу коп балалуу го...кызык...
04.04.2018. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кээси эркек балалуу болом деп коп балалуу болушат экен. Андай учурда окмоту балдарына документ бербей, мектепке барууга тыюу салып коюшат экен. коп балалуу уй було улам кочуп, жумуш издеп жакыр болуп калышат деп мага бир китаец айткан. Аа кээсинин баласын бийлик тараптагылары кучтоп боюнан алдырып коюшат экен
04.04.2018. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
fortuna-fortuna,Джеки Чандан коркушат.Тепкилеп ийет деп.Ошого кыла бер дешкен.
04.04.2018. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jelezo, биринчи турмушундан балан бар болуп экинчи жолу уй- було курсан уруксат берилет
04.04.2018. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмне себептен жоголгонун, же кимдир бироо алып кетип калганбы жазбаптырго
04.04.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Маалымат кандай тараса ошону эле которуп чыгарып койду да. Андай жоголуп табылгандарды тарыхына чейин барышып изилдемек беле
04.04.2018. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чала бышкан аштай эле болуп калатта ушу силердин маалыматынар?карап тоолук маалымат алып анан таркатбайсынарбы?ошончо жыл кайсы жерде болду?кандай кун корду?кимдин колуна тушуп калды?жоопторун жазбапсынарда?эптеп эле кыска нуска эле жазып койбой?
04.04.2018. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
байкуш ата энеси кандай санаа тартты 24жыл жакшы табылып калыптыр
04.04.2018. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jojotai,
Саламатсызбы! Маалымат толукталды.
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтсөңүз болот.
04.04.2018. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чин, мин .пин .деп окуп тилин сынат го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: