Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу
Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин чогулган эл үйлөрүнө тарашкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Үч-Дөбө айылы менен Тажикстандын Ходжа-Аъло айылындагы чек арага байланыштуу чыр-чатак боюнча Баткен ОИИБинин жетекчилиги аталган жерге барды. Окуя болгон жерге кыргыз жана тажик тараптан 120дай тургун топтолгон. Жагдайды жөнгө салуу максатында Баткен ОИИБи жана Тажикстандын Согди ОИИБи биргеликте эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Сүйлөшүүнүн негизинде чыр-чатак жөнгө салынып, чогулган эл үйлөрүнө тарашкан.
"Эки элдин ортосунда чыр-чатактардын чыгып кетүүсүн алдын алуу үчүн Баткен ОИИБинин жана Тажикстандын Согди ОИИБинин кызматкерлери тарабынан чек ара аймактарында биргелешкен кайгуулдар уюштурулду. Азыркы учурда түзүлгөн кырдаалды мындан ары жөнгө салып, чек ара аймактарындагы элдин коопсуздугун камсыздоо маселелерин талкуулоо үчүн Баткен ОИИБинин башчысы А.Тагаев менен Тажикстандын Согди ОИИБинин башчысы Х.Б.Назаровдун ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азыркы учурда кырдаал туруктуу", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Эске салсак, 3-апрелде Баткен районунун Үч-Дөбө айыл аймагында Тажик жана Кыргыз жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан.
Кыргыз-Тажик жаңжалы. Баткенде 2 үйдүн чатыры жарактан чыгып, 40тай адам жабыркады




1 |