super.kg logo
  Саясат  

"Өнүгүү-Прогресс" премьер-министр жыйынга келбегени үчүн өкмөттүн отчётун караган жок

 

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы өкмөттүн 2017-жылы аткарган иштери тууралуу отчётун карамак. Жыйынга премьер-министр Сапар Исаков келген эмес, депутаттар өкмөт башчы өзү келбегенине нааразы болушту. Депутат Исхак Масалиев Сапар Исаков жыйынга келгенде отчётту кароону сунуштады.

"Биздин жыйынга Сапар Исаков өзү катышып, маалымат бергенде туура болот эле. Жылына бир жолу отчёт берет. Ошондуктан жыйынды кийинкиге калтыралы, Исаковдун убактысы болгондо чогулуп угалы", - дейт Масалиев.

Депутат Зиядин Жамалдинов премьер-министр КСДП фракциясынын жыйынына келип, эми экинчи фракцияга келбей койгону туура эмес экенин айтты.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев отчётту карап берүүнү суранды. "Өкмөт башчы мурдагы бекитилген күн тартибинин негизинде социалдык объекттердин курулушу боюнча Чүй облусун кыдырып жүрөт. Ошондуктан отчётту карап берүүңүздөрдү суранабыз", - деди Дайыр Кенекеев.

Жыйынтыгында фракция депутаттары Исхак Масалиевдин сунушун колдоп, өкмөттун отчётун караган жок.






Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциялар өкмөттүн отчётун кароодон баш тартты

Автор: Мунарбек Жоргомов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: