super.kg logo

"Ош базарындагы" өрт. Жабырлануучу: "Өрт башталганда 3 эле контейнер күйүп жаткан"

 

Бүгүн, 13-апрелде "Ош базарында" 3-жолу катталган өрттүн кесепетинен бир канча соодагерлер миллиондогон чыгашаларга учурады. Жабырлануучулардын бири Аман Бакиров өрт башталганда 3 эле контейнер күйүп жатканын айтып, буларга токтолду.

"Өрт чыкканын угуп келгенибизде базардын тиги башынан 3 эле контейнер күйүп жаткан болчу. Товарларыбыз толук күйүп кетпесин, чыгарып калууга үлгүрөлү десек милициялар курчоого алып, киргизбей коюшту. Өрт өчүрүүчү техникалардын суусу түгөнүп, бири келип, бири кетип жатты. Биз карап тура албай "кошумча суу түтүктөрдү алып чыгалы, мүмкүн болушунча эрте өчүрүүгө аракет кылалы" дегенибизде "өрт өчүрүүчү кызматкерлер өчүрөт, иштеп жатышат" деп жолотпой койду. Эгерде бизди киргизип, кулпуларды ачтырганда товарлар толук өрттөнмөк эмес. Жалын мынчалык күч алмак эмес. Болжолдуу 2 миллион сомдун товары күйүп кетти", - дейт ал.

Зыян тарткан сатуучулар "базардын администрациясы өрттү өчүрүүгө эртерээк аракет кылган эмес. Ал тургай кабарчы келип өрт тууралуу айтканда "сенин ишиң эмес" деп кууп чыккан" деген нараазычылыктарын айтышты.






“Ош базарында” үчүнчү жолу өрт чыкты

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
13.04.2018. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне атайын кылып жатышабы?
13.04.2018. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атайын эле орттоп атышабы деймда
13.04.2018. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атайын даярдалган сценарий.

Москвадагы базарлар да күйүп, чоң чоң соода борборлору курулган.
Кимдир бирөөгө мындай окуялар пайда алып келет.
13.04.2018. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
откондо эле Бир журналисти жолотпой туркулоп жазында Беле кайсы Бир каналдан коргозуп жатты Беле ушул жакты ботом....ОРТ коопсуздугун боюунча интервью алдырбай камерага тартырбай ..
13.04.2018. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл байкуш эле кыйналат,чондордун кылы деле кыйшайбайт
13.04.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алматыдагыдай болот экенда.
13.04.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш соодагерлер.эптеп акча таап атышканда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: