Алтынай Жайнакова: "Былтыркы окуядан кийин жол коопсуздугунун кызматкерлери артымдан түшүп алышты"
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менин артымдан түшүп алышты. Мындай пикирин Алтынай Жайнакова SUPER.KG порталына билдирди.
"Окуя 19-апрелден 20-апрелге караган түнү болгон. Анда менин курбу кызым таанышынын унаасын айдоочулук күбөлүгү жок айдап чыккан. Аны унаанын ээси жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлерине айтып коюптур. Биз жолдо кетип бара жатканда кызматкерлер бизге каршылаш өтүшкөн. Бирок кайрылып келип бизди токтотушту. Биринчиден, алардын кайрылып келип токтотконго укуктары жок болчу. Экинчиден, унаанын курун тагынган эмес деп айтып жатышат. Унаанын курун курбу кызым алар жаныбызга басып келишкенде гана чечти. Окуянын ырбашына менин унаада болгонум да себеп болду окшойт. Себеби тиги кызматкерлерге менин унаада отурганым табылбай турган нерсе болчу. Ал эми тартылган видеодо мени ар кимге телефон чалып, кутулуунун жолун издеп жатат деп айтышканы калп. Ал жерде мен эч кимге байланышкан эмесмин, болгону ошол убакта мага таанышым телефон чалып калган. Мен ага окуя тууралуу айтып бергем, аны башкача мааниде чыгарып коюшту", - дейт Жайнакова.
"Мындан бир аз күн мурун Ош шаарындагы бир имараттын алдындагы тыюу салынган жерге унаамды токтотуп койсом, тийиштүү органдар жалгыз менин гана унаамды алып кетип калган. Жанында дагы бир канча унаа токтоп турган болчу. Бирок аларга тийишкен эмес. Негизи былтыркы окуядан кийин кызматкерлер менин артымдан түшүп алышты", - деп кошумчалайт Алтынай Жайнакова.
Эске салсак, Ош облустук жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарында жол эрежелерин одоно бузган жана мас абалындагы айдоочуларды кармаган. Алгачкылардан болуп унаасынын курун тагынбаган кыз токтотулган. Ал алгач инспектордун айткандарын аткарбай, тийиштүү документтерди көргөзгөн эмес. Ошондой эле анын жанында өткөн жылы милиция кызматкеринин кашын жара тепкен ырчы Алтынай Жайнакова отурганын көрүүгө болот. Алтынай Жайнакова катышкан чуулгандуу окуя былтыр да Ош шаарындагы Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда ал өзүн журналист, эл тааныган ырчы катары тааныштырып, ар кимге телефон чалып Патрулдук милициянын кызматкерлерин коркуткан. Кийин унаасын айып жайга токтотуу үчүн алдына отурган Патрулдук милициянын кызматкеринин кашын арткы орундуктан буту менен жара тепкен. Анын үстүнөн "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган.
кошулду
Милициянын кашын жара тепкен ырчы Алтынай Жайнакова кайрадан талкуу чордонунда





























1 |