Манас Ниязов "Достукка" жеңиш алып келди. "Ынтымак" утулуп калды


















9-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча мелдешти "Достук" командасы жеңип алды.
Жогорку Лиганын финалында Кыргыздын дөө-шаалары "Достук" менен "Ынтымак" командалары кез келди. Кызуу беттештин жүрүшүндө "Достук" командасынын мыкты оюнчусу Манас Ниязов чеберчилигин көрсөтүп 2 таймда "Ынтымактын" тай казанына 3 улак таштады. Ал эми "Ынтымак" командасы 3-таймдын алгачкы мүнөттөрүндө Чубак Нурмамбет уулунун улак таштоосу менен жооп кайтарса, 3-таймдын акыркы мүнөттөрүндө Азим Болот уулу эсепти 3:2 кылганга жетишти.
Муну менен Оштун "Достук" командасы Жогорку Лиганын жеңүүчүсү аталып, 400 миң сом байгеге ээ болду. Ал эми Таластын "Ынтымак" командасы 2-орунду ээлеп, 200 миң сомго ээ болду.
Иш-чарага президенттин ыйгарымдуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев жана көк бөрү федерациясынын президенти Икрамжан Илмиянов катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Эске салсак, 8-майда Жогорку Лиганын 3-орун үчүн беттеши орун алган. Анда Чүйдүн 2 командасы кез келип, "Биримдик" командасы жеңишке жетсе, "Четинди" командасы 4-орунга ээ болгон.
кошулду
Манас Ниязов көк бөрүдөн "Достукка" жеңиш алып келди

Азаматтар ото кубанычтамын.
Анан Достуктун күйөрманыбы же Оштуктарбы иши кылса Бегалиев байкени жайына койгула эми, көрүнгөн жерде чымчып, кычый берген жакшы эмес, өттү кетти...
Кыргыздарда буттан жыгылган турат, создон жыгылган турбайт деген соз бар. Сен кааласанда каалабасанда айтыла берет эми
кеч болуп калдыда эми, же экөөбүз жаңылбайбызбы?
ХХХХХ Майли ар ким өзү билет..
Ош-EREM мини футбол клубу Кыргызстан чемпиону
Ош-Достук кок бору клубу Кыргызстан чемпиону
Ош-Акжол.Махмудов Азия чемпиону
Алгааа Ош шаарым,оркундо Кыргызстаным!!!
ЫНТЫМАК утса,Талас эли дуулайт,
ДОСТУК утса Ош эли,кантип бир элбиз дейбиз дагы?! Жон эле куттуктап койгула,болду. Тундук-туштук эле эмес,жаалпы дуйно жузундогу адамзаты-АДАМ Алейхис саламдан(Алла тааланын ырайымы болсун) тараган!!! Болунбошуло!!!
Куттуктайм!!!
Футболдон АЛАЙ,
футзалдан ЕРЕМ,
волейболдон Ош БАЖЫ,
панкратиондон чечендердин атасын таанытып эле жүрүшөт. Көк бөрүдөн сборныйда Манас күч берет көбүнчө. (ананда торпок улактыда катуу ойношот экен).
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Этика нормаларын сактагыла!
Алгалай бер кокбору
Кол жээгинин боюнда
Ойной бер да ута бер
Улак сенин колунда
Соз ээсин табат
Озуму токтоюнчу кичине
Манас красавчик
Казактардын сазайын бергиле эми биригип...