super.kg logo

Малайзиядагы шайлоодо байкоочу болгон Атыр Абдрахматова: “Биз шайлоодо аппаратка эмес, адамдардын өзүнө ишенишибиз керек экен” (маек)

 

9-майда Малайзияда парламенттик шайлоо өтүп, 92 жаштагы оппозиция лидери Махатхир Мохамад кайрадан премьер-министр болду. Ал буга чейин 1981-2003-жылдары өкмөттү жетектеп, Малайзияны “Азия арстандарынын” катарына кошкон. Аталган шайлоого эл аралык байкоочу катары өлкөбүздүн атынан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова да катышып келди. Ал менен Малайзиянын шайлоо системи, өзгөчөлүктөрү жана жетишкендиктери тууралуу кеп кылдык.

- Саламатсызбы, Атыр айым? Алгач эле Малайзиядагы парламенттик шайлоо тууралуу кеп кылсак. Шайлоодо оппозиция жеңишке жетти. Сиз муну кандай кабыл алдыңыз?

- Биз Малайзиядагы парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышып келдик. Бул өлкөнүн шайлоодогу жетишкендиктери менде абдан позитивдүү маанай жаратты. Анткени оппозициядан чыккан талапкер утуп, премьер-министр болууга жетишти. Көп мамлекеттерде оппозиция жеңишке жетпейт. Бүткүл дүйнө жана малайзиялыктар айткандай эле бул шайлоо тарыхый шайлоо болду. Себеби шайлоодо уткан Махатхир Мохамад 92 жаштагы аксакал.

Ал буга чейин Малайзиянын премьер-министри болуп 20 жыл иштеп кеткен. Кесиби - дарыгер. Бирок саясий иштерге аралашып калып, жаңыча, прогрессивдүү көз карашы менен белгилүү болгон. Жаштыгында куугунтукка кабылып, Малайзия эли канткенде өнүгөрү тууралуу китеп жазып чыккан. Ал китеби жаштар арасында колдоо тапкан. Кийин саясатка аралашып, премьерликке жетишкен. Биз билгендей эле Малайзия “Азия арстандары” деген образга умтулуп, Махатхир ошол деңгээлге жеткирген. Кошуна жайгашкан Сингапур мамлекети менен Малайзия ортосунда түшүнүктүү, позитивдүү атаандаштык болгон. Малайзияда 14 миллиондон ашык шайлоочу бар. Бирок 92 жаштагы Махатхир бүт аймактарды кыдырып, эл алдында 1 сааттан кем сүйлөбөй, шайлоодон утуп чыкты. Бул саясатчыны лидерлердин жаңы форматы десек болот.

Махатхир Мохамад- Махатхир Мохамаддын негизги атаандашы ким болду?

- Махатхир Мохамаддын өкмөтү жетектеп турган учурда “Улуттук фронт” деген партиясы бар болчу. Ошол партияны буга чейинки премьер Нажиб Разакка (2009-жылдан берки премьер) өткөрүп берип, өзү эс алууга кеткен болчу. Бирок Разак премьерлик учурунда элге жакпаган иштерди жасап, коррупциялык иштерге аралашып кеткен. Анын жеке эсебинде 1 миллиард долларга жакын каражат бар экени ЖМКлар тарабынан ачыкка чыгат. Анын 600 миллион доллары атайын мамлекеттик фондго которулган. Ушул парламенттик шайлоодо Разак жетиштүү добуш жыйнай албай жеңилди.

- 92 жаштагы Махатхир Мохамаддын утуп чыгышына эмнелер себеп болду деп ойлойсуз?

- Бийликте турган 20 жылда Махатхир Малайзияны бир топ алдыга алып чыккан. Коррупцияны жоготууга аракет жасаган. Акыркы премьер коррупцияга аралаша баштаган эле. Кыска убакытта өлкөнү көтөргөнү үчүн салыштыруу иретинде Махатхир шайлоодо утуп чыкты. Анын лидерлик сапаты аябай жогору. Элине дем-күч бере алат экен. Жашына, улутуна карабастан Махатхирдин идеясын, күчүн баалап, колдоп алышты. Шайлоочулар Махатхир өлкөнү кайрадан өркүндөтүп кете алат деп терең ишенишүүдө. Оппозиция лидеринин деңгээлинин жогору болгонун, шайлоо мыйзамдарынын так иштешин жана аң-сезим, баалуулуктардын жогору болгону жеңиштин негизги себептери катары айта алам. Андан сырткары бири-бирине жана өлкөнүн өнүгүүсүнө болгон ишеним чоң таасир берди.

Нажиб Разак- Мурунку премьер-министр Нажиб Разак өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди. Бул жаңы премьердин саясий куугунтугу эмеспи?

- Элдин талабы ушундай болгону үчүн Махатхир мындай кадамга барды. Разак качып кетиши мүмкүн деген сөздөр күчөгөнүнөн улам өлкөдөн чыгарбоо чечими кабыл алынды. Аларда коррупцияга каршы идеология катуу жүрөт экен. Муну алар кечирилгис күнөө катары кабыл алышат.

- Шайлоо учурунда эң алгач кандай өзгөчөлүктү байкадыңыз?

- Мени аябай таң калтырганы бул шайлоочулардын аң-сезими болду. Мен ал жакка барганда: “Бизде автоматтык урналар бар. Алар өздөрү эле добуштарды эсептейт. 1 сааттын ичинде жыйынтыгын биле алабыз. Кол менен эсептөөдөн да арылышыбыз мүмкүн. Учурда жалпы шайлоочулардын тизмесин чогултуп жатабыз”, - деп мактанган болчум. Себеби малайзиялыктар биздин мурдагы, ичи көрүнүп турчу урналарды пайдаланышат экен. Биз болсо бул системде иштей албай, добуштарды бурмалап, 2007-жылкы шайлоодо ушул сыяктуу эски урналардын айынан аябай чоң ызы-чуунун үстүнөн чыкканбыз.

- Алар да партиялык тизме менен шайлоого катышат бекен?

- Малайзия парламентинде 222 мандат бар. Бул шайлоодо 3 коалиция катышты. Махатхирдин “Үмүт”, бийликтегилердин “Улуттук фронт” жана “Ислам коалициясы” катышты. Аларда партиялар биригип, коалиция түзүп шайлоого катышат экен. Махатхир баштаган коалиция 113 мандатты алып кетти. Алардын мыйзамына ылайык, утуп келген коалиция лидери премьер-министр болот. Бул жеңишти эл 2 күн майрамдашты.

- Тартип бузуулар катталдыбы?

- Мени элдин арасындагы бири-бирине болгон ишеним таң калтырды. Агрессияга алдырып, ызы-чуу салгандар жокко эсе. Аларда 14 миллион шайлоочу, бизде 3 миллион. Шайлоо тилкелерине барып жакындан тааныштым. Шайлоо күнү жүзгө чукул адам жашына же баласы бардыгына карабастан күн ысыгында кол чатырын кармап тура берет экен. Кезек күткөндөр көп болсо да “ары жылчы”, “бери турчу, “мен өтүп кетейин”, “ооруп жатам” же “менин балам бар” деген кептер айтылган жок. Абдан ынтымактуу, ток пейил, ыймандуу эл экенин байкадым.

- Малайзиядагы шайлоодон кийин биздин кайсы эң чоң катабызды байкай алдыңыз?

- Добуштар санала турган учурда урнаны жаап, бизди чыгып кеткиле деп сыртка чыгарып коюшту. Эмнеге мындай кылганын сурасак “алар да чарчады, тамак жеп, кичине эс алып алышсын” деп айтышты. 20 мүнөттөн кийин кайра эле эшикти ачып, бюллетендерди саноого киришишти. Ар бир бюллетенди добушка ээ болгон коалициянын өкүлүнө көрсөтүп, өзүнчө бөлүп отуруп, саат эрте мененки 4кө чейин 14 миллион шайлоочунун жыйынтыгын чыгарышты. Алар “бизди сыртка чыгарып, добуштарды өзгөртүп коюшат” деген ойго да барбастан, бири-бирине жогорку деңгээлде ишенишет экен. Мындай мамиле мени бир топ ойлонтту.

Биз автоматтык урналарды орноттук, өлкөнү электрондоштурабыз деп айтып жатабыз, бирок дагы деле элдин ишенимине жетише албай жатабыз. Бири-бирибизге ишенимдин жоктугу аябай өкүндүрдү. Биз технологиялык жетишкендиктерди көрсөткөндөн көрө шайлоочулардын аң-сезимине көп көңүл бурушубуз керек экен. Жаңы технологияларга умтулуп, өзүбүздү жоготуп жатканыбызга ишендим. Биз мурунку баалуулуктарыбызды жаңыртып, заманга ылайыкташыбыз зарыл. Биз шайлоодо аппаратка эмес адамдардын өзүнө ишенишибиз керек экен. Шайлоодо добуш сатып алуу, административдик ресурстардан жаңы технологияларды киргизсек кутулабыз деп ойлогон элек. Бирок андай болгон жок.

- Шайлоо системин реформалоону эмнеден баштаган оң деп ойлойсуз?

- Биз шайлоо системин өнүктүрөбүз десек, биринчи кезекте шайлоочулардын аң-сезимин, маданияттуулугун өркүндөтө турган реформаларды башташыбыз керек.

- Үгүт маданияты кандай экен?

- Добуш берүү күнү үгүт иштери жүргүзүлбөгөнү менен ар жерде үгүт материалдары илинип тура берет экен. Эмнеге алып койбодуңар десем, “эл буга чейин эле чечимин кабыл алып бүткөн” дешти. Эл менен жолугушуулар аларда да уюштурулуп эле жатты.

- БШКнын мүчөсү катары өзүңүзгө кандай тажрыйба алдыңыз? Эми ишиңизде эмнелерге басым жасайм деп турасыз?

- БШКнын мүчөсү катары эми жаңы технологияларды киргизип жатабыз деп чуркабайм, сүйүнбөйм (күлүп). Андан сырткары шайлоочулардын бирдиктүү базасын түзүүнү жандантышыбыз керек экен. Шайлоо учурундагы түз алып берүү механизмин киргизүү зарыл. Биздин мыйзамдарыбыз жакшы. Ошолордун так аткарылышы үчүн аң-сезимди өзгөртүү президенттин, депуттатардын колунда. Бул багытта мен да жаштардын жалпы эле жарандардын арасында ар кандай талкууларды, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө даярмын. Буга чейин эле аң-сезимибизди өзгөртүү боюнча ойлонуп баштагам. Билим берүү системин өзгөртүш керек экенин билем. Ошонун алкагында сапаттуу билим, сапаттуу ой-жүгүртүү жолдорун издөөгө аракет кылам. Бири-бирибизге кантип ишенимди арттырабыз, мени ойлонткон маселе ушул.

- Коомчулукка кайрылууңуз...

- Алгач сиздерге рахмат! Мен өлкөбүзгө аябай чоң эмоциялар менен позитивдүү маанайда келдим. Башка мамлекеттердин жакшы тараптарын алып, өнүксөк болот экен деген чоң ишенимде калдым. Китеп окуу маданиятын да жандантышыбыз керек. Чындап эле реформа жасоого чоң каражат, көп акча, күч керек эмес. Мен муну так түшүнүп кайттым. Биз ким экенибизди түшүнүп, туура багытыбызды таба алсак, өнүгүп кетишибизге толук ишенем. Менин жердешим, менин партиялашым деген көз караштан алыс болушубуз зарыл.


кошулду





Малайзиядагы шайлоодо байкоочу болгон Атыр Абдрахматова: "Шайлоодо аппаратка эмес, адамдарга ишенишибиз керек экен"

Автор: Бектур Токтоноев
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
18.05.2018. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Маданияттуу да.Биз болсо ким акча берсе ошонун таламын талашып митингге чыгып жатып калабыз.Добушубузду болбогон акчага сатабыз да,отуруп калабыз кыйратып салгансып.Ачуу чындык мунун баары урматтуу мекендештер.Бизде таза иштеген чыныгы мекеним деп куйгон бир дагы чиновник жок.
18.05.2018. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Элине жараша башчы.
19.05.2018. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эхеей бизда качааан онолот экен а. Биздин жаны президентибиз адамдарды зордукча эле шайлатып алдыго. М: Мамлекеттик иште-иштегендер, окуу жайда - окуган студенттерди список боюнча алып барып, козомолдоочулор карап турдуго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: