Жансыз денеси табылган таксисттин артында 2 баласы калды. "Иним ата-энебизди караган үйдүн кенжеси болчу" дейт маркумдун агасы
Ошто жансыз денеси талаадан табылган таксистин сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун агасы Шухрат Эрматов билдирди.
Шухраттын айтымында, иниси ата-энесин караган үйдүн кенже баласы болгон.
"Ильхомдун сөөгүн жерге берип келдик. Үйдө 4 бир туугандын кичүүсү болчу. Ал бирөөлөр жаман сүйлөп жатса, урушпай унчукпай басып кеткен бала эле. Буга чейин деле бирөө жарым менен пикир келишпестикте жүргөн эмес. Анын артында 4 жана 9 жаштагы бир кыз, бир уулу калды", - дейт маркумдун агасы.
Айта кетсек, Ошто таксист болуп иштеген 31 жаштагы Ильхом Эрматов 13-май күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Мындан улам шаардык милиция ага издөө жарыялаган. Анын жансыз денеси кечээ, 22-майда Кара-Суу районунун Каратай айылынан алыс эмес жердеги ээн талаадан табылган. Кылмышкерлер маркумдун денесин өрттөп салышканы айтылат.
кошулду
Унаасын тартып алуу үчүн таксистти өлтүрдү деп шектелген адам кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Балдарына сабыр ден соолук узун Омур берсин.
Тиги наадандар эки дуйно жакшылык корбосун