Нарында журналист Уланбек Эгизбаевдин сөөгү жерге берилди













Бүгүн, 24-июлда журналист Уланбек Эгизбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өзү туулуп-өскөн Кочкор районунун Көк-Жар айылында өтүп, сөөгү жерге берилди.
Мезгилсиз каза болгон журналистти акыркы сапарга узатууга бийлик өкүлдөрү, экс-президент Роза Отунбаева, экс-премьер-министр Темир Сариев жана Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, коомдук активисттер жана маркумдун кесиптештери барышты. Ошондой эле топурак салуу үчүн ар кайсы маалымат каражаттарынын кызматкерлери барышты.
Экс-президент Роза Отунбаева жаш кеткен журналистти эскерип жатып буларга токтолду.
"Ойлоп көргүлөчү, силер 28 жашыңарда эмнени жасап бүтүрдүңөр эле?! Уланбек Эгизбаев 28 жашында өзүнүн жазгандары менен Кыргыз жергесин титиретип, өзүнүн калеми менен планетанын бардык бурчуна чейин таанылып жүргөн", - дейт Отунбаева.
Айта кетсек, Уланбек Эгизбаев 1990-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Көк-Жар айылында туулган.
2013-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.
2015-жылы Бишкек Гуманитардык университетинин Саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган.
2016-жылы дүйнөлүк Интернет-Оскар сыйлыгын алган.
2018-жылы публицист жана жазуучу Кален Сыдыкованын “Алтын калем” сыйлыгына татыктуу болгон.
"Азаттык" радиосунун Бишкектеги кабарчысы, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасы үчүн бир катар иликтөөлөрдү жасап келген.
Эске салсак, 22-июлда белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев көлгө чөгүп каза болгон. Белгилей кетүүчү жагдай, Уланбек Эгизбаев бир нече күн мурда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Буга байланыштуу ал билдирүүнү улай бош конверттер ууландырылган болушу ыктымал же эскертүү, коркутуу иретинде жөнөтүлгөн болушу мүмкүн деген комментарийлер жазылган.
Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаевдин сөөгү жерге берилди


.
Эх сабыр берсин жаратканым
Жаткан жери жайлуу бараар жайы Жаннатын Фирдаус Бейишин насип кыла кор Яя Роббим Аллах
Ичим туз куйгандай ачышып,жаман эле болуп жатам((( Ата-энесине сабыр....
Бардык кыргыз эли кайгырып турабыз.Эми жок дегенде жакында жарыкка келуучу туягына тийбегилечи жеп жутарлар!Озу чогуп олгонуно тук ишенбейм
Акмактар айбандар