super.kg logo

Албек Ибраимовдун жактоочусу эми Жогорку Сотко кайрылат

 

Бишкек шаардык соту экс-мэр Албек Ибраимовду камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырганына анын тарапташтары нааразы болууда. Жактоочусу Сергей Слесарев мындан улам Жогорку Сотко арыз менен кайрыла турганын билдирди. Анын айтымында, шаардык сот бүгүнкү чечими менен сот системинин өтө начарлап кеткенин дагы бир жолу далилдеди.

"Мыйзамга ылайык, шаардык соттун чечимине нааразычылык билдирип 5 күндүн ичинде Жогорку Сотко арызданса болот. Биз бул кадамга барабыз", - деди жактоочу.

Сергей Слесаров19-июлда Биринчи Май райондук соту Ибраимовду тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алган. Анын жактоочусу баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган.

Эске салсак, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга чейин, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калтырган.

13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, токтомду премьер-министрге жөнөтүшкөн. Премьер-министр тийиштүү токтомго кол койгон.






Шаардык сот мурдагы мэр Албек Ибраимовду 29-августка чейин абакта калтырды

Автор: Бектур Токтоноев
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
30.07.2018. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жазасын алсын, шаардык сот туура чечим чыгарыптыр. Албектин коррупцияга аралашканын жаш бала да билет
30.07.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жээнбековдон умут артпай эле койгула. Жарытпайт. Колунан эч нерсе келбейт. АШАнын аркасы менен ушундай бийик даражага жетип алды. АША болбогондо эл деле Сокеге шайламак эмес.
30.07.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Албек Ибраимов эң жакшы иштеген 9000 сомго көчөттөрдү отургузуп, питомниктердин ишин жүргүзүп,эми кантет байкуш питомниктер
SUPER.KG видео
30.07.2018. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камалсын күнөөсү болсо
SUPER.KG видео
30.07.2018. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы мэр анык ууру.
30.07.2018. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми бул киши да оорулуу болуп, аны больницана чыгарышат, бирок, ал больницага жетпей эле орто жолдон абага синип кететда, таппай калабыз.
30.07.2018. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
love_you,через Лейлек Америкага жол бар если чо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: