Мамэкотехинспекциясы басма сөз катчысы эмне себептен жумуштан алынганын түшүндүрдү



Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева коррупцияга каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууганын айтууда. Аталган мекеменин директорунун орун басары Расул Артыкбаев катчынын кызматтан эмне себептен алынганын SUPER.KG'ге 23-августта түшүндүрдү. Анын айтымында, Мамбеталиева мекеменин ичинде нааразычылык акциясын өткөргөндүгү үчүн жумуштан алынган.
"Анара Мамбеталиева инспекциянын имаратында нааразычылык акциясын уюштуруптур. Мекеменин ичинде митинг өткөрүүгө мыйзам тыюу салгандыктан анын мындай аракети атайын комиссия тарабынан каралып, директор комиссиянын чечиминин негизинде аны 15-августта кызматтан алыптыр. Мен бул учурда эмгек өргүүсүндө болчумун", - деди Артыкбаев.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык, мамлекеттик кызматкер мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштешине тоскоолдук болгон митингдерди, манифестацияларды уюштурганга же катышканга тыюу салынган.
Инспекциянын директору Жолдошбек Жунушев учурда иш сапары менен Орусияда жүргөндүктөн аны менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы коррупцияга каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууду


Эл менен жолугамын деп элди алдап, кошоматчылары, дужурлору менен гана жолугуп кайтты Соке. Элден баргандар кайра жазага тартылды...
Баткенде болсо чек арачылар токмок жеп журот, тадик, озбектерден, ошолорго басып барууга Сокенин духу жетпеди... Президент имиш.....