Кыздар өз каалаганын жасоого укуктуу деп ич кийимчен ырдаган Зере аны коркутуп жазгандардын үстүнөн арыз жазды
Кыздын эркиндиги тууралуу ыр чыгарып, клипке ич кийимчен тартылган Зере аны коркутуп кат жолдогондор жоопко тартыларын маалымдады. Коомдун кызуу талкуусуна түшкөн клип жарыялангандан бери ырчы кыздын интернеттеги жеке баракчасына ар түрдүү коркутуулар менен коштолгон каттар үзүлбөй жатканын ачыктады.
“Негативди көңүлүмө албайм, бирок өмүрүмө коркунуч келтирген билдирүүлөрдү жазгандарга көңүл бөлбөй коюу мүмкүн эмес. Мен милицияга арыз жаздым. Адамдар жөнөкөй билдирүү үчүн да жоопко тартыларын билип жүрүшү керектигин эске салгым келди. Мындай коркутуулардан запкы жеген адамдар эмне кылуусун билүүсү абзел. Мени колдогондорго ыраазычылык билдирем. Мага коркутууларды жазып жөнөткөн адамдар тууралуу маалыматты милиция кызматкерлерине бердим. Силерден сураныч, өз алдынча жоопко тартуудан кармангыла”, - деп жарыялады.
Бишкек ШИИББи билдирүүлөр боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын айткан. Чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлгөндүгү маалым.
Ич кийимчен клипке тартылган Зере коркутуулардан улам милицияга кайрылды

сыздап атам дедиби?Шылтоо болсо эле
Чубак ажыга асылганды коюп биринчи
озуну билип алсанчы.
Кимдир-бирөөнү далилсиз каралоодон алыс болуңуз!
Эй акылдуулар, Европаны туурап журуп отуруп коомубуз деградация болуп, кичуулор улууларды урматоонун ордуна орондоп отурса, аял киши оз ата-энесине болобу же куйоосуно болобу корсулдап "озум билем, аралашпа, жогол" деп турса, ошолбу силер каалаган прогресс?!!
жататго. Мындай кызды тарбиялаган Ата кандай кылып балдарды тарбияласын. Атасы индебпстен тарбия жаатында иштебей эле койсунчууууууу.