"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Нарын ОИИБи: "Жабырлануучу аны ур-токмокко алган кызынын үстүнөн арыз жазса, кызы жазага тартылат"
"Соңку кабардын" "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кайрылып, Нарын шаарында мечиттин жанындагы отургучта аял улгайган адамды башка-көзгө койгулап, уруп жатканын билдирип, окуянын видеосун да кошо жиберген.
Аталган маселе боюнча Нарын ОИИБинин басма сөз катчысы Медина Султангазиевага кайрылганыбызда, ал буларды айтып берди.
"Кечээ, 24-сентябрда кечки саат алты чамасында аталган факты боюнча маалымат келип түшкөн. Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин натыйжасында, 39 жаштагы А.Г. аттуу Нарын облусунун тургуну мас абалында К.Б. аттуу 63 жаштагы энесин сабаганы аныкталды. Жабыр тарткан К.Б.га экспертиза дайындалып, азыркы тапта Нарын шаардык ооруканасында дарыланып жатат. Азырынча жаңжалдын эмнеден улам келип чыккандыгы белгисиз. Учурда иликтөө иштери уланууда. Жабырлануучу кызынын үстүнөн арыз жазса, анда кызы жазага тартылат", - деди ал.
Нарында улгайган аял эмнеге сабалды?
Нарында улгайган аял, Бишкекте улгайган эркек адам жаштар тарабынан сабалды


Энесин сыйлабаган озунун балдарынан коруп калсын коргулукту!