Баткендеги жол кырсыгынан оор жаракат алган 4 жүргүнчүнүн абалы канааттандырарлык. Абалы жакшырган 12 жүргүнчү үйүнө чыгарылды

Баткен облусунда болгон жол кырсыгында ар түрдүү жаракаттарды алып, оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген 4 жүргүнчүнүн абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда SUPER.KG порталына облустук оорукананын башчысы Нурлан Салиевге байланышканыбызда билдирди.
Маалыматка ылайык, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган 6 адамдын ичинен 2 жабырлануучу бүгүн жалпы бөлүмгө которулган.
"Жол кырсыгынан ар түрдүү жаракат алып, оор абалда жаткан 4 жүргүнчү бүгүн эсине келди. Учурда абалдары канааттандырарлык. Алар тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Ал эми абалы жакшырган эки бейтап бүгүн жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Учурда жол кырсыгынан ар түрдүү жаракаттарды алган 10 адам ооруканада дарыланууда", - дейт Салиев.
Эске салсак, 17-октябрда Ош-Баткен-Исфана жолунда эки Мерседес-Бенц Спринтер унаалары сүзүшүп, 22 адам ар түрдүү жаракат алып, 1 адам каза болгон. Жол кырсыгы Ак-Татыр аймагында орун алган.
Баткенде жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 22 адам жаракат алды


1 |