Иса Өмүркулов "КСДП Атамбаевсиз" кыймылын колдогон же колдобогону боюнча суроону жоопсуз калтырды
"КСДП Атамбаевсиз" кыймылы боюнча бүгүнкү күнгө чейин позициямды билдирген эмесмин" деп бүгүн, 1-ноябрда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.
"Бул кыймылдын демилгечи тобунун өкүлдөрүн кабыл алгам. Бир нече облустардан, бир нече партиялар жана уюмдардан келген, алардын баарын кабыл алгам. Бирок бүгүнкү күнгө чейин өз позициямды айткан эмесмин.
Эмнеге партиядан чыгарылганымдын себебин билбейм. Мен мыйзамды, тартипти бузган жокмун, партиянын программасын жана уставын тутуп келем. Менин бул партиянын курамында жүргөнүмө 25 жылдай болду. Дээрлик түптөлгөндөн бери анын курамындамын. Акаевден баштап Бакиевдин дооруна чейин партия менен бир топ кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк. Ал кезде үй-бүлөмө, өмүрүмө коркунуч, кол салуулар болгонуна карабай, тайманбай партиянын идеясы үчүн күрөшүп келгем.
Ал эми партиянын саясий кеңешиндеги бир ууч адамдын мени КСДПдан чыгарган чечими мыйзамсыз. 7-8 адам чогулуп чечим кабыл алыптыр, калгандары бул маселе тууралуу кабардар эмес экен", - деди Өмүркулов.
Буга чейин "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен жыйын өткөрүп жүргөн активисттер Өмүркулов менен жолугушуу өткөрүп, фракция лидери аларды колдоду деп маалымат тараткан.
Иса Өмүркулов өткөн жолугушуу боюнча SUPER.KG порталынын берген суроосуна жооп берүүдөн баш тартып, "кийин сүйлөшөлүчү" деп айткан эле.
Активист Сагынбек Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында КСДПнын лидерлигинде отурууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып, Талас, Нарын, Чүй, Жалал-Абад облустарында жыйындарды өткөргөн.
кошулду
КСДП Иса Өмүркуловду партиядан чыгарды. Өмүркулов макул эмес




