Айыл өкмөт башчы: "Ноокенде жалгыз уулу тарабынан сабалып, каза болгон аял акыркы сөзүндө "уулума тийбегиле" дептир"
Ноокенде өз апасын сабап өлтүрүп койгон жаран 2 айга камакка алынды. Анын баш коргоо чарасы 30-октябрда каралганын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.
Маркумдун уулу апасын сабаганда мас абалда болгону айтылган. Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы Махаматали Султанов шектүү үй-бүлөдө жалгыз уул болгонун айтты.
"Ошол күнү окуя болгон жерге бардык. Апасын ооруканага алып кетишкен экен. Ал эми уулун милиция кызматкерлери алып кетишиптир. 2-3 сааттан кийин апасы каза болгону тууралуу кабар келди. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча элге маалымат беришкен жок. Азыркы күндө тергөө жүрүүдө. Ал үй-бүлөнү жакшы таанычубуз. Баласы жоош болчу, бирок буга чейин абакта отуруп чыккан. Эмне боюнча камалганын билбейт экенмин. Үйдө жалгыз уулу болчу. Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кызы бар. Апасы акыркы сөзүндө "уулума тийбегиле" деп айтыптыр", - деди Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы.
Айта кетсек, окуя 28-октябрда болгон. Анда райондук ооруканага 66 жаштагы аял оор абалда келип түшүп, ошол эле күнү көз жумган. Дарыгерлер ал аял катуу соккудан баш мээси катуу жаракат алып, өпкөсү жарылып кеткенин көрүшкөн. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
кошулду
Ноокенде 42 жаштагы жаран өз апасын сабап өлтүрүп койду











1 |