Бишкекте мамыны сүзүп экиге бөлүнүп калган унаадан жаракат алган жаран ооруканада орто оор абалда жатат
24-ноябрь күнү Бишкектеги 7-Апрель көчөсүндө Мерседес-Бенц унаасы жол четиндеги мамыны сүзүп, экиге бөлүнүп калган. Ал эми унаанын ичинде бараткан 26 жана 22 жаштагы эки жигит каза болуп, дагы бири алган жаракатынан улам ооруканага жеткирилгени кабарланган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова SUPER.KG'ге жаракат алган жаран учурда Травматология жана ортопедия улуттук илим изилдөө борборунда орто оор абалда жатканын маалымдады.
"24-ноябрь күнү 22 жаштагы жигит жол кырсыгынан жаракат алып Травматология жана ортопедия улуттук илим изилдөө борборуна жеткирилген. Анын баш мээсинен жаракат алганы аныкталып, эки күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. Бүгүн нейрохирургия бөлүмүнө которулуп, орто оор абалда жатат", - деди Айгерчинова.
Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы аталган кырсык боюнча териштирүү иштерин баштап, анын себебин аныктоо аракетин көрүүдө.
кошулду
Мамыны сүзүп экиге бөлүнүп калган унаада 2 адам каза болду, бири ооруканада




1 |