super.kg logo

Жалал-Абаддын жетекчилиги Терек-Сайдагы алтын кенге байланыштуу чыккан чыр боюнча эл менен жолугушат

 

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков алтын кенге байланыштуу чуу чыккан Терек-Сай айылына барат. Аталган маалыматты мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ызабеков Терек-Сай айылынын тургундары менен жолугушат.

Алтын кенге байланыштуу нааразычылык 5-ноябрда "Эти Бакыр Терек-Сай" ишканасында орун алган. Жергиликтүү тургундардын бири аталган атайын багыттагы полктун кызматкерлери тарабынан кайтарылган ишкананын аймагына кирип кеткен. Ал ишкананын аймагынан чыгарылып, бирок арадан көп убакыт өтпөй 10дон ашуун айылдашын ээрчитип келип уруш чыгарышкан. Учурда ИИМдин атайын багыттагы полкунун 3 кызматкерин таш бараңга алган 14 адам убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.






Терек-сайлыктар алтын кендин иштешине каршы митингге чыгышты

Автор: Бектур Токтоноев
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.12.2018. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туштон кийинби?!! Спецназ жонотуп анан барбай, биринчи озу барса болбойт беле?!! Окуя ММКларда тарап, элдин назары ошол жакка бурулуп, нааразычылыктар кучогондо гана айла жоктон бара турган болдубу?!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: