super.kg logo

SUPER TV: Көзү азиз түгөй: "Бири-бирибиздин, балдарыбыздын жүзүн көрө элекпиз"

 

Бишкек шаарынын тургундары Исабек Олжобай уулу менен Назгүл Жээнбекова экөө тең көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Учурда 2 баланын ата-энеси болгон алар ушул кезге чейин бири-биринин жана балдарынын жүзүн көрө электигин айтышат.

"Мен 18 жашымда кокустан эле көзүм ооруп баштаган. Көз доктурга текшертсем, тез арада операция жасатпасам көрбөй кала турганымды айткан. Жыйынтыгында 1 эмес, 2 жолу операция жасаттым. Бирок тескерисинче таптакыр көрбөй калдым. Азыр жарык менен караңгыны гана айырмалай алам. Ал эми жубайым 1,5 жашында катуу ооруп, андан соң көзү көрбөй калган экен. Экөөбүз тең бири-бирибизди көрбөй эле үйлөнгөнбүз. Учурда 2 балабыз бар. Кудайга шүгүр, алардын көрүүсү жакшы. Айланада болуп жаткан нерселерди бизге айтып турушат", - дейт Исабек Олжобай уулу.

Турмуштун агымы менен жашап, үй-бүлөсүн катардан калтырбай багуу үчүн элге массаж жасап иштеген ал, ден соолугуна байланыштуу жумуштан чыгууга аргасыз болгон. Мындан улам бул үй-бүлө коомчулуктун жардамына муктаж.

"Жакында эле белимде шишик бар экенин билдим. Дарыгерлердин айтымында, аны убагында дарылабаса баспай калышым мүмкүн экен. Азыр бир тууган иним иштеп, үй-бүлө, бала-чакамды бакканга жардамдашууда", - деп кошумчалады ал.

Көзү азиз болсо да, көөдөнү жарык түгөйлөр тууралуу кененирээк төмөнкү видеорепортаждан көрүңүз.


кошулду





Көзү азиз түгөй: "Бири-бирибиздин, балдарыбыздын жүзүн көргөн эмеспиз"

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
SUPER.KG видео
19.12.2018. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайдан болуп айыгып кетиниздер.
SUPER.KG видео
19.12.2018. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
козунуз корбосо да, ден соолугунуз бекем болсо экен.
SUPER.KG видео
19.12.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх кандай окунучтуу. Кудайым шыпаасын берсин балдардын бактын берсин акыл эстуу болушуп Ата энесине элге кереги тийген уул кыздардан болуп чоноюшсун
SUPER.KG видео
19.12.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сиздерди көрүп Аллахка чексиз шүгүр айттым. Аллахым Бейишинде сиздерди чогу , балдарыңыздар менен бактылуу кылсын...
20.12.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыңар, жашоо менен талыкпай күрөшө бергиле. Бирок "Бири-бирибизди көрбөй эле үйлөндүк" дегениңер кандай? Көрбөсөңөр ошентип эле үйлөнүү, мыйзам ченемдүү эле көрүнүшта, башка айлада, чарада жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: