super.kg logo

Жайнаган Аяз ата, Аяз кыздар, базарга айланган "Ала-Тоо" аянты жана туристтик милиция... Бишкектеги майрамдык маанайдан фоторепортаж

 

31-декабрь. Жаңы жыл майрамы. Бишкектин тургундары менен коноктору күндүз эле "Ала-Тоо" аянтына чыгып, майрамды кызуу белгилеп баштады. Жаңы жыл үчүн кооздолгон борбордук аянтка эл толуп, кечки майрамдык концертти күтүп жатышат. Миңге чукул адам бир нече сааттан бери "Ала-Тоо" аянтында кармалып турат. Алардын баары бири-бирин куттуктоо, сүрөткө түшүү менен алек.

Аянт жаш балдарга толгон. Алар үчүн сатуучулар атайын товарларын жайып, кызмат көрсөтүшүүдө. Күн сайын автоунаа тынбаган Чүй кең көчөсүнүн "Ала-Тоо" аянты жайгашкан бөлүгү базарга айланыптыр. Балдар кызыккан бардык оюнчуктун түрүн тапса болот. Жаш жеткинчектердин сүйүнүчүн көргөн ата-энелер чексиз бактылуу.

"Ала-Тоо" аянты Аяз ата менен Аяз кыздын айылына айлангандай. Кадам сайын Жаңы жыл майрамынын каармандарын жолуктурууга болот. Алар менен сүрөткө түшүүнү каалаган элдин да саны суюлбайт. Жалпы кооздукка көрк берип борбордук балаты да майрамды тосуп алууга даяр турат. Бири-биринен өткөн сулуу кыздар Аяз кыздын кийиминде жүрүшөт. Баса, аянттан 2019-жылдын каарманы болгон доңуздун кийиминдеги адамдарды да жолуктурууга болот.

Борбордук аянтта жүздөгөн тартип сакчылары коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп жүрүшөт. Башка жылдагылардан айырмаланып быйыл Туристтик милиция да кызмат көрсөтүүдө. Күндүз эмнегедир туристтерди көп байкай алган жокпуз. Бүгүн майрам экенине карабай "Ала-Тоо" аянтындагы тууну кайтарган ардак кароол да өз кызматын өтөп жатат. Бали!.. Майрам кут болсун!

кошулду





Борбордук аянтта жана иш үстүндө жүргөн элдин жаңы жылдык маанайы

Автор: Айжан Нурманбетова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
31.12.2018. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун сонун карапайым эл жыргайсын конулун которулуп жаны жылыныздар менен
31.12.2018. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тынчылык болсун.
01.01.2019. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туристтик милициялар тилди билишет экен эмне кылат дейм да ушул ишке иштеп.Негизи эле туристтик милиция коррупционер жеп жутарлардын эле ойлоп тапкан иши,паланча акча болдук деп жеп онуп калышат эми.
КРге кайдагы турист кочо толгон?
Норм.шарт болсо келеви?
Аэропорттон кирип кире элек эле акча сурап турушса,норм.кочо айланып эс алып кетчу абат нерсе болбосо жаратылыштан башка.
Билесинерби бизге шаар коргону туристтер келбейт,алардын баары айылдарга тоо-таштарды коргону келет
Muslim_KGstana. түзөттү 2019-01-01 00:30:34
01.01.2019. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А бул милицияларга иш деле жок,бир кундук иш тартибин толук карап коруш керек,шаардагы ар бир туристтик милиция канча туристтерге жардамы тиет экен текшерип коруш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: