"Айылымдагы мектептин курулушу бүтпөй жатып жарактан чыгып жатканы кейитти" дейт "ЭЛДИК КАБАРдын" декабрь айынын жеңүүчүсү
"Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл өкмөтүнүн Калинин айылындагы жаңы салынып жаткан мектеп колдонууга берилбей жатып тактайлары сынып, түшүп жатат". Бул тууралуу маалыматты "ЭЛДИК КАБАРГА" жөнөткөн окурман Адинур Абдиразаков 2018-жылды жыйынтыктаган декабрь айынын жеңүүчүсү аталды.
"Айылда мектептин курулушунун башталганына 6 жыл болуп калды. Ал эми акыркы 3 жылдан бери улам кийинки окуу жылында колдонууга берилет деп тил эмизип келишкен. Эми деле курулушу бүтө элек болгондуктан ачыла элек. Курулуш кандай жүрүп жаткандыгынан кабар алуу үчүн баргандар мектептин полу бүтө электе сынып жатканына күбө болушкан. Тактай сынып, балдар мектептин пайдубалына түшүп кетүү коркунучу бар. Видеодо көрүнгөндөй, бир киши тактайдын бекемдигин текшерем деп жатса тактай сынып ал түшүп да кетти. Ал эми айылыбыздын окуучулары эски бала бакчанын имаратына тыгылып, 3 нөөмөт менен кезектешип окушат", - деген ал.
Бул кабарды жиберүүсүнүн максаты, учурда эмне менен алек, жеңүүчү болоруңузга ишендиңиз беле деген сыяктуу суроолор менен Абдиразаковго кайрылдык. Жеңүүчү учурда Москва шаарында.
"Атам аталган мектепте кароолчу болуп иштейт. Бир күнү мектепке бир нече жергиликтүү кишилер кирип, курулушун көрөбүз дешиптир. Ошондо тактайлары сынып жатканын көрүп видеого тартып алышыптыр. Ошол видеону атам мага жиберген. Жанындагы жолдошторунун бири басып баратса тактай сынып кетип, тигил киши түшүп кетти. Мен дароо бош убактым болору менен силерге жиберүүнү ойлондум. Анан жеңүүчү болорум такыр оюма келген эмес. Азыр деле ишене албай турам. Сиздер аркылуу канчалаган көйгөйлөр чечилип келерин көрүп эле жатам. Бул ирет да ошондой бир маалыматыңар көмөкчү болуп калсын деп ойлодум", - дейт сүйүнгөн жеңүүчү.
Адинур Абдиразаков 27 жашта. Ал турмуш-тиричиликтин айынан башка жердештерибиз сыяктуу эле Орусияда мигрант. Москва шаарына барып иштеп жүргөнүнө 6 жылды аяк баскан. Эң башкы тилеги - өз мекенине үй салуу.
"Москвада жеке фирмалардын биринде буйрутма алып иштейм. Мекениме жылына бир жолу барып турам. Акыркы жолу 4 ай мурун барып кеткем. Ошондо деле мектептин бүтө элегине өзүм күбө болуп келдим. Андан кийин эле атам тактайлары жарактан чыгып сынып жаткан видеосун жиберди. Бош убакыт болору менен сиздердин сайтка кирип жаңылыктарды окуп турам. Орусияда жүргөн мекендештер так жана ишенимдүү маалыматтарды көпчүлүгү сиздерден окуйт", - дейт Абдиразаков.
Адинур үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы. Экинчи уулу жакында эле жарыкка келип, наристе жытын искеп кубанычка бөлөнүп турган чагы. Чымырканып мекениме үй салып алсам эле Кыргыз өлкөбүзгө кетели деген тилек зарыктырып келет дейт ал.
Адинур Абдиразаков жиберген маалыматка карата SUPER.KG порталы тиешелүү жактан жооп алган.
Кабар жарыяланган соң Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги менен Турак жай жана коммуналдык чарба башкармалыгы Кара-Суу районуна караштуу Калинин айылында курулуп жаткан 320 орундуу А.Сматов атындагы орто мектептин курулушуна текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүү учурунда мектептин полун тактайлоодо курулуш талаптарын жана нормаларын бузуу аныкталган. Тактайлоо учурунда полдун алдында жетиштүү аба алмашып туруу шарты түзүлгөн эмес. Анын кесепетинен 6 окутуу классынын жана башка кошумча кабинеттердин полу ным тартып, жараксыз абалга келген. Жарактан чыккан жалпы аянт курулуш боюнча 400 чарчы метрди түзөт.
Түзүлгөн комиссиянын чыгарган жыйынтыгына ылайык курулуш жүргүзүп жаткан подрядчиктер кыска мөөнөттүн ичинде жыгач полдорду курулуш тартибине ылайык кылып өз эсебинен оңдоого милдеттендирилген. Курулуш жүргүзүп жаткан "Эрмек-Юг ЛТД" мекемеси комиссиянын бардык эскертүүлөрүн аткарууга тил кат жазып бергени маалмдалган.
"ЭЛДИК КАБАРдын" 2018-жылдагы жеңүүчүлөрү:
2018-жыл, январь айы - Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылындагы Р.Конкошев атындагы №12-орто мектебинин окуучулары өтө кооптуу мектепте окуп жаткандыгын кабарлап, сүрөттөрүн жөнөткөн окурман.
2018-жыл, февраль айы - Кичи автобустун айдоочусу телефон чукулап бара жатып башка унаа менен сүзүшүп кете жаздады деп маалымдаган окурман.
2018-жыл, март айы - Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына жакындары тарабынан сабалып түшкөн 8 жаштагы кыз жөнүндө маалыматты жөнөткөн окурман.
2018-жыл, апрель айы - Ноокатта сүйгөн кызына барып, сабалган жигиттин окуясын жөнөткөн окурман.
2018-жыл, май айы - Айдоочу жол тандабас унаасы менен инспекторду жөөлөй айдады деген маалыматты жөнөткөн окурман.
2018-жыл, июнь айы - Мектепти мугалимдер оңдоп-түзөөгө милдеттүүбү деген маалыматты жөнөткөн окурман.
2018-жыл, июль айы - Чет жерде иштеп кыйналган мекендештерибизди эми айдоочулар азапка салды деген маалыматты жөнөткөн окурман.
2018-жыл, август айы - Кызымды бала бакчада тайпалашы 15 жеринен тиштеп салыптыр деген маалыматты жөнөткөн окурман.
2018-жыл, сентябрь айы - Москвада кыргыз жигити улгайган аялды өрттөн куткарып калганын кабарлаган окурман.
2018-жыл, октябрь айы - Ошто казинолор дале иштеп жатканын жана 54 миң сомду уттуруп жибергенин кабарлаган окурман.
2018-жыл, ноябрь айы - Куршаб аймактык ооруканасында бейтаптардын оору тарыхы жазылган карталарын жана клиникалык маалымат формаларын (КИФ) берген кабинетти жөнөкөй жарандар аралап жүргөнү тууралуу маалыматты жиберген окурман.
кошулду
Кара-Сууда 6 жылдан бери ачылбай турган мектептин тактайы чирий баштады
"ЭЛДИК КАБАРДЫН" декабрь айынын жеңүүчүсү аныкталып, смартфон жеңип алды





1 |