Бишкектин Ак-Тилек конушунда 80 орундуу бала бакча ачылды
Кечээ, 5-ноябрда Бишкек шаарынын Ак-Тилек конушунда №80 "Баластан" бала бакчасынын ачылыш аземи болду. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты.
Мэриянын маалыматына ылайык, бала бакча жайгашкан жер тилкесинин аянты 0,2179 гектарды, ал эми имараттын жалпы аянты 1041 чарчы метрди түзөт. Мекеме 80 балага ылайыкталган.
Курулуштун алкагында жаңы имарат тургузулуп, суу түтүктөрү тартылып, канализация системи орнотулган.
Ачылыш аземде Жунушалиев жаңы бала бакчада балдардын ойноосу, тарбияланышы жана билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралганын баса белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:37
2026-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















