super.kg logo

Депутат Төрөбаев: "Өкмөт Ак Үйгө түкүргөн баладан эки жумадан бери айып пулун ала албай уят болдуңар"

 

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Бакыт Төрөбаев жаңы мыйзамдардын аткарылышы жана чет элдик жарандар тууралуу маселени көтөрдү.

Депутат Кыргыздын жарандыгын алган чет өлкөлүктөр тууралуу так статистикалык маалымат жок экенин айтып, өкмөттү сынга алды.

"Чет жактан келген жарандар тууралуу социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылып жатат. 60 миң кыргыз кызы чет өлкөнүн жарандарына турмушка чыгып жатканы айтылууда. Ал эми өкмөт 6-7 гана кытай жараны Кыргыз жарандыгын алган деген маалымат берди. Жарандар ал маалыматты кайдан алып жатат? Албетте, социалдык тармактарда бул боюнча талкуулар болууда. Бул иштерде өкмөт социалдык тармактан артта калып жатат", - деди эл өкүлү.

Төрөбаев жаңы ишке кирген мыйзамдардын аткарылышын парламент көзөмөлгө ар дайым алуу керектигин кошумчалады.

"Түкүргөн адам 5500 сом төлөйт дедиңер. Төлөтө алган жоксуңар. Мына Ак Үйгө түкүргөн баладан эки аптадан бери айып пулун ала албай жатасыңар. Өкмөт уят болуп жатасыңар", - деди депутат.






Төрөбаев: “Өкмөт айып пулдарды ишке киргизип алып уят болду“

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
16.01.2019. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Силер да уятты билесинерби??Дагы далай уят болосунар го.
16.01.2019. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Тфу, тфу, тфу
16.01.2019. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тфу,тфу слердин бетинерге тукургум келет
16.01.2019. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыларга башка иш жок да бизде Тренд азр тукургондорго штрав
SUPER.KG видео
16.01.2019. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazgul1905, Bars88, этика нормаларын сактагыла. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: