Депутат Казакбаев: "Өкмөт, премьер-министр футбол көрүп жатат деп пиар кылбай эле койгулачы"
"Өкмөт, премьер-министр футбол көрүп жатат деп пиар кылбай эле койгулачы" деп бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Казакбаев билдирди.
Депутат бул терс таасирин тийгизип жатканын айтты. "Премьер-министр түндө футбол көрүп жатат" деп социалдык түйүнгө чыгарган пиар топту жумуштан бошоткулачы", - деди депутат.
Өкмөттүн басма сөз кызматы "премьер-министр, вице-премьер-министрлер Кыргыз-БАЭ футбол боюнча беттешин көрүп жатат" деп сүрөт жарыялаган.
Кечээ депутаттар премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев комитет жыйынына эмне үчүн келбегенин сурашканда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков премьер-министр ооруп жатканын билдирген.
Ал учурда депутаттар Абылгазиев оорубай эле, футбол көрүп отурганын айтышкан.
Депутат: "Премьер-министр футбол көрүп жатат деп пиар кылбай эле койгулачы"
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
0

Элдин деле депуттарга айта турган коп созу бар:120депутаттын такыр кереги жок,мисалы,кыскарышты качан ойлошот?Баары бай,мамлекеттин эсебине жашагандан качан баш тартышат?Элге нормальный мыйзамдарды к