Ошто жаш келин эки кичинекей кызын ижарага алган батирге таштап коюп, өзү 10 күндөн бери дайынсыз болууда
Ош шаарынын Ѳзгѳн кѳчѳсүндөгү үйлөрдүн бириндеги бир бөлмөлүү батирден кароосуз калган эки кичинекей кыз табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан 30-январда кабарлашты.
Маалым болгондой, кыздардын апасы 10 күн мурун жумушка кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Милициянын берген маалыматына караганда, азырынча келиндин аты-жѳнү белгисиз болууда. Ал эки кичинекей кызы менен Ѳзгѳн кѳчѳсүндөгү үйлөрдүн биринин бир бөлмөсүн ижарага алган. Бир күндѳн соң кыздарын үйгө таштап коюп, эртең менен жумушка кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
"Үй ээсинин айтуусуна караганда, азыркы тапта 10 күндѳн ашуун убакыт ѳттү, кыздардын апасы кайрылып келген эмес. Тилекке каршы, батир ээси ал келиндин дарегин, аты-жѳнүн толук сурап калган эмес. Бул аралыкта балдарга тамак-ашын берип, асырап турган. Кыздардын улуусунун айтымында, өзүнүн аты Мадина, кичүүсүнүн аты Бубина. Ал эми апасынын аты Хаитхон. Кыздардын жашоо-шарты талаптагыдай болбогондугуна байланыштуу алар Ош шаарынын балдар үйүнѳ ѳткѳрүлүп берилди. Учурда балдардын ата-энесин издѳѳ иштери жүргүзүлүүдѳ. Апасы үйдөн чыгып кеткенден кийин 2-3 күн өткөн соң бир ирет телефон аркылуу үй ээсине байланышка чыгып, балдарын карап турууну суранып, жакында бара турганын айткан. Ошондон бери кабары жок экен", - деп кабарлашты милициядан.
кошулду
Ошто жаш келин эки кичинекей кызын таштап 10 күндөн бери дайынсыз болууда









1 |