super.kg logo
  Саясат  

"Суранам, уят болбогула". Депутат мигранттардан өмүрүн камсыздандыруу үчүн 300 сомдон алуу сунушу боюнча Миграция кызматын сынга алды

 

"Чет элде жүргөн кыргыз жарандарынан милдеттүү камсыздандырууга деп 300 сомдон алынат деп жатыпсыңар. Уят болбогула, мындай сунуштарды чыгарардан мурун жакшылап иштеп чыккыла", - деп Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Руслан Казакбаев айтты.

"Кайсы камсыздандыруу жөнүндө кеп болуп жатат?" - деди Казакбаев.

Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов: "Миграция боюнча мамлекеттик кызматы Конституциялык нормаларга ылайык эч кимди акча төлөөгө милдеттүү кыла албайбыз", - деди.

"Анда эмнеге сунуш бердиңер?" - деген суроо жаралды Казакбаевде.

"Учурда ушул маселенин үстүндө иштеп жатабыз, изилдеп жатабыз. Мигранттардын жашоосун жеңилдетүү боюнча иш жүргүзүлүүдө. Бизде андай сунуш жок", - деп кошумчалады Шерипов.

Буга вице-спикер Мирлан Бакиров: "Кандай жок? Кеээ департаменттин башчысыбы, бөлүмүбү айтты деп маалымат тарабадыбы", - деди.

"Урматтуу миграция кызматынын статс-катчысы, кечээ департаменттин башчысы бул маселени айтты деп маалымат тарады. Эгер мигрант каза болуп калса анын сөөгүн өлкөгө алып келүү үчүн милдеттүү камсыздандырууну киргизүү сунушталып жатат деди. Мен суранам, уят болбогула, мындай нерселерди жакшылап иштеп чыгып, анан талкууга чыгаргыла. Ар бир мигрант камсыздандыруу боюнча маселени өзү чечет. Кааласа камсыздайт, каалабаса камсыздабайт", - деп кошумчалады Казакбаев.

Айта кетсек, кечээ Миграция кызматы Кыргыз өлкөсүнөн чыгып жаткандар үчүн 300 сом өлчөмүндө милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү сунуштады. Бул сунуш коомчулукта талкуу жаратып, өз өмүрүн камсыздандыруу үчүн төлөм алуу карапайым адамдарды алдоо, каражатты максатсыз жумшоо жана коррупциянын очогу деген пикирлер айтылды. Кыргыз эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлгөн "Замандаш" ассоциациясы "демилге жөнөкөй адамдарга камкордук көрүү эмес эле, бизнес-схемага окшоп турат" деп билдирүү тараткан. Бул тууралуу айтылган пикирлерди шилтеме аркылуу кирип окуңуз.






Депутат: "Миграция боюнча сунуштарды иштеп чыгып анан сунуштагыла, уят болбогулачы"

Автор: Айпери Ганыжан кызы
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: