Депутат өлкөдөгү оор кылмыштар тууралуу маалыматтарды ЖМКга таратпоону сунуштап чыкты
Жогорку Кеңештин 21-февралдагы жыйынында депутат Дүйшөн Төрөкулов өлкөдөгү оор кылмыштар тууралуу маалыматтарды ЖМКга таратпоону сунуштап чыкты. Ал интернеттеги социалдык тармактардагы талкуулар аймактык бөлүнүүчүлүккө алып келип жатканын айтты.
"Жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан оор кылмыштар социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан талкууланып, аймактык бөлүнүүчүлүккө жол берилип жатат. Социалдык тармакта кимдер гана отурбайт. Ар кандай оор кылмыштар тууралуу маалыматтарды жайылтуу өспүрүмдөрдүн калыптанып келе жаткан психологиясына терс таасирин тийгизип жатат. Мамлекеттик органдар Саламаттыкты сактоо министрлигинин, өзгөчө Ички иштер министрлигинин оор кылмыштарды расмий булак катары маалымат таратышына чектөө киргизилсе жакшы болот эле. Тартип бузуулар кодексине ушул нерсени киргизүүнү сунуштайт элем", - деди депутат.
ЖМКга чыккан оор кылмыштар социалдык тармактарда элди регионалдык бөлүүгө алып келүүдө

