"Сиздер аялдарды сүрөп кете алган жоксуздар". Депутат айым аялдардын мырзаларга болгон таарынычтарын айтты
Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Карамат Орозова аялзатын келе жаткан майрамы менен куттуктап, майрам алдында аялдардын мырзаларга болгон таарынычтары тууралуу айтып берди.
"Аялдардын майрамы келе жатат. Ушул улуу трибунада туруп аялдардын мырзаларга болгон көптөгөн таарынычтары тууралуу айткым келет. Айымдардын артыкчылыгы - ар кандай кырдаалдардан чыгып кетүү мүнөзгө ээ, ошондуктан кыздын кырк жаны бар деп коюшат. Мисалы, өлкөнүн экономикасын көтөрүүдө салымы чоң, базарда сатуучулукта отургандардын 90 пайызы - аялдар. Алар үй-бүлөнү гана карабастан, салык төлөп өлкөнүн казынасын толтуруп жатышат.
Коркпогон аялдардын 70-80 пайызы кыйын кырдаалдардан чыгуу үчүн банктардан насыяларды алууда. Сиздердей саясий кызматтарды ээлеген мырзаларды тарбиялоодо аялдардын салымы чоң. Өлкө ар дайым аялзатынын колдоосуна муктаждыр. Акыркы учурда өлкө оор абалда деп көп айтылып калды. Бул нерсе аялдардын аткаруу бийлигинде жокко эсе болуп калгандыгынан улам жаралды.
Өлкөдө 7 облус болсо, аны башкарган бир да аял жок, 40 район болсо бир да аким аял жок, 35 шаар болсо бир да мэр жок, 453 айыл өкмөтү болсо бир да аял жок. Аялзаты сиздерден кызматты талашкан жок, сиздерге берип коюп, өлкөнүн абалы кандай болуп жатат? Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 4-бөлүгүндө аялдар менен эркектердин укуктары жана эркиндиктери тең деп көрсөтүлгөн. Аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ деп белгиленген. Бирок саясий кызматтарга тартууда эч кандай мүмкүнчүлүк берилбейт.
Былтыр өкмөттүн отчётунда аялдардын билим деңгээли төмөн үчүн алар саясий кызматтарга алынбайт деп айтылган. Бул өтө орчундуу, орой мамиле. Коомчулуктун алдында уялбайсыздарбы, сиздер аялдарды сүрөп кете алган жоксуздар. Өлкө өнүкпөгөн үчүн, өлкө башчы эки жыл катары менен өлкөнү өнүктүрүү жылы деп жарыялап жатат. Аял киши сиздерди 9 ай курсагында көтөрөт, 5 жыл колунда көтөрөт, өмүрү өткүчө жүрөгүндө көтөрөт. Аял бир колу менен бешикти терметип, бир колу менен ааламды терметет деп жөн айтылбаса керек.
Аялдын көңүлүн оорутуу - бул эненин жүрөгүн оорутканга барабар. Жазылбаган мыйзам бар, биз, энелер мырзаларды урматтайбыз, өзүбүздөн өйдө коёбуз, сыйлайбыз. Себеби биздин жөлөгүбүз, таянычыбыз мырзалар. Баш мыйзамда көрсөтүлгөн гендердик теңчилик, теңчиликти теңирим сүйүптүр. Бизге дайыма 30 пайыз аялдар деп айтасыздар, аны таңуулабаңыздар. Биз Конституциянын негизиндеги гендердик теңчиликти сунуштайбыз жана талап кылабыз. Жашасын кыргызымдын кыйын кыздары, бизди бул дүйнөгө алып келген энелер аман болсун!", - деди депутат айым.
Депутат аялдардын таарынычын айтты



1 |