super.kg logo
  Саясат  

"Супер-Инфонун" директору Шайиста Шатманова: "Бизде кооптонуу бар болчу. Сот туура чечим чыгарганына рахмат"

 

“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси кечээ, 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) кайрадан суракка чакырылды. Буга чейин 14-мартта чакыруу болуп, буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон. Финполдун инспекторунун берген суроолоруна эки сааттай жооп берип чыккан гезиттин директору Шайиста Шатманова аталган мекеменин негизсиз суракка чакырышы боюнча Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылышканын айткан.

Бүгүн, 19-мартта Биринчи Май райондук сотунда "Супер-Инфо" гезитинин жактоочулары жазган арыздын негизинде соттук отурум өттү.

Арызда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын "Супер-Инфо" гезитине карата чыгарылган токтомун жокко чыгаруу жазылган. Гезиттин жактоочусунун айтымында, Финпол гезитке Салык кызматынын текшерүүсүн дайындай албайт деп жүйө келтирген.

Аталган гезиттин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова соттук отурум 3 саатка созулуп, жыйынтыгында "Супер-Инфонун" пайдасына чечилгенин айтты.

"Көптөн күткөн чечим чыкты. Биздин келтирген негиздердин бардыгы мыйзамдуу жана жүйөлүү болгон. Сот мыйзамдуу жана негиздүү чечим чыгарып берди", - деди Токтакунова.

"Супер-Инфонун" директору Шайиста Шатманова акыркы мүнөттөргө чейин адилеттүү чечим чыгарын үмүт кылып турганын билдирди.

"Акыркы мүнөттөргө чейин үмүттөнүп күтүп турдук. Бирок ЖМК өкүлдөрү көп сот процесстеринен өтпөдүкпү. Акыркы учурда Кыргыз мамлекетинде резонанстуу чоң сот иштери жүрдү. Жактоочу тараптан киргизилген өтүнүчтөрдү сот канааттандырбай коюп жаткан. Ошол себептен бизде кооптонуу бар болчу. Соттун туура чечим чыгарганына рахмат! Финполдун инспектору чыгарган токтомду жокко чыгарды", - деди гезиттин директору.






Шайиста Шатманова "Супер-Инфонун" жактоочусунун арызы боюнча соттун чечими тууралуу комментарий берди

Автор: Айпери Ганыжан кызы
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: