super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокурор Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча "мыйзам чегинде жардам берүүгө даярбыз" деди

 

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов абактагы экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу боюнча мыйзам чегинде жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Депутат Сайдулла Нышанов башкы прокурорго берип жаткан отчётуна өзү ыраазыбы деген суроо узатты. Буга башкы прокурор: "Мен туура багытта кетип баратабыз деген ойдомун. Кемчиликтер бар, анын үстүнөн иштейбиз", - деп жооп берди.

Мындан сырткары Нышанов Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча маселе көтөрдү.

"Коомдо өтө резонанстуу болгон иш бар. Бул "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши. Алдымда 5 кагаз, жаңы жагдайлар боюнча далил турат. Сиз баарын анализдейсиз деп ойлойм. Кыргыз өлкөсүнүн бүгүнкү демократияга өткөн тарыхында, ар бир жарандын укугу боюнча Өмүрбек Чиркешовичтин ат көтөргүс эмгеги бар. Кандай болгондо да анын эмгектерин эске алып, аны чыгарганга жардам кылышыбыз керек. Жардам бергенге даярсызбы?" - деди депутат.

"Бүгүнкү күндө бул маселе коомчулукта талкууланып жатат. Жаңы жагдайлар боюнча Жогорку Сотко берилген, учурда каралып жатат. Мыйзам чегинде башынан карап чыгып жардам бергенге даярбыз", - деди Жамшитов.

2017-жылы Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга кесилген.






Башкы прокурор Текебаевдин иши боюнча депутаттын суроосуна жооп берди

Автор: Кызжибек Раимова
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: