super.kg logo

Мунай базада чыккан өрттөн жабыркаган жарандын абалы оор, ал жандандыруу бөлүмүндө жатат

 

Жалал-Абадда мунай базада чыккан өрттөн денесинин 50 пайызы күйгөн жарандын абалы оор. Мындай маалыматты облустук оорукананын жетекчисинин орун басары Арстан Алымбаев билдирип, учурда жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө жатканын айтат.

"Денесинен күйүк алган Ж.Б. аттуу жаран мунай базанын кызматкери экен. Анын моюну, денесинин сол капталы, эки буту тизесинен ылдый I-II даражадагы күйүк алган. Учурда дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө. Ал эми ӨКМнын эки кызматкери да бейтапканага кайрылган. Биринин бети күйгөн. Тактап айтканда, 4 пайыздык күйүк алган. Ал биринчи жардамды алган соң үйүнө чыгып кеткен. Экинчи жабырлануучу өрттү өчүрүп жатканда кулап кетип чекеси жарылган. Ал жаран дагы жардам алган соң үйүнө кеткен", - деди Алымбаев.

Айта кетсек бүгүн, 10-майда саат 10:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базасында өрт чыккан. Өрттү өчүрүү учурунда бир жарандын денесинин 50 пайызы күйгөн. Учурда ал ооруканада. Ал эми өрт өчүрүү кызматкеринин бети күйүп, ал ооруканага жаткан эмес.

Өрт саат 17:25те чектөөгө алынган. Учурда өрттү өчүрүү иштери улантылууда.






Жалал-Абаддагы мунай базасында өрт чыкты

Автор: Наргиза Талантбекова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: