Түрк элчисинин муфтийге нааразы болгон видеосу тарады. Чырга аралашкандар бул тууралуу эмне дешет?
Интернетте Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фыраттын мусулмандар дин башкармалыгына "мени террорчу менен бир дасторконго отургуздуңар" деп нааразы болуп жаткан видеосу тарады.
Видеодон элчинин "эмне үчүн мен силерге 35 миллион долларга мечит курдуруп берсем силер мени террорчу Орхан Инанды менен чогуу отургузасыңар? Орозо айында ушундай мамиле болобу? Же Түркияны, же ФЕТӨ уюмун тандайсыңар. Мен азыр президентке айтам" дегенин угууга болот.
Видео Бишкектеги ресторандардын биринде тартылганын мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктап, окуя 8-май күнү болгонун билдирди.
"Муфтият уюштурган ооз ачуу иш-чарасында бир аз пикир-келишпестиктер болуп кетти. Бирок маселе ошол жерден эле чечилген. Элчи мырза менен Муфтияттын ортосунда азыр эч кандай пикир-келишпестик жок", - деди дин башкармалыгынын басма сөз катчысы.
Ал эми Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси аталган видео боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Женгиз Камил Фырат Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси болуп 2018-жылдын 1-январында дайындалган.
Орхан Инанды учурда "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти.
Түрк элчисинин мусулмандар башкармалыгына нааразы болгон видеосу тарады
"35 миллион долларга мечит курдурттум" деген элчинин чыры




Ислам дини арабтардын салтын жайылтат. Кыргыз мусулман деген аты эле болбосо 90% Европалык кыргыз болуп жашап келе жатабыз.
Азамат элчи экен бир чети мамлекетинин кадырын тушурбой туруп кетиптир. Бул туура эле кадам болгон. Элестетин кыргыз элинин душманы болгондор менен( К.Баатыров, Ош окуясы2010) бир жерге чакырылса биздин чиновниктер кандай реакция корсотмок, унчукпай жеп-ичип анан кетишмек. Экинчиден 35 мл.го мечит салдырып бердим дегени туура эмес болуп калды. Балким ал башкача ойдо айтайын десе керек.