super.kg logo

Көп балалуу классташына үй, окуучулар үчүн кичи автобус, мектепке таза суу... 10-20 жылдык мааракелерин белгилеп жаткан бүтүрүүчүлөр дагы кандай сооп иштерди жасады?

 

Жыл сайын 25-майда өлкөнүн ар кайсы мектептеринде 10-20 жыл мурун окууну аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу кечелери өтөт. Көпчүлүгү үй-бүлө күтүп, орун-очок алып калган бүтүрүүчүлөр жыл сайын өз ара уюшуп, окуп кеткен мектеби, айылы, мугалимдери үчүн белек-бечкектерди ыйгаруусу салтка айланган. Бул жылы 1999-жылы жана 2009-жылы мектеп уясынан учкандар 10-20 жылдык мааракелерин белгилешүүдө. SUPER.KG порталы алардын жасаган соопчулук иштеринин айрымдары менен таанышып чыгууну сунуштайт.

Алай районунда 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөр көп балалуу классташына үй салып беришти

Алай районунун Чий-Талаа айылындагы орто мектепти мындан 20 жыл мурун бүтүргөн классташтар көп балалуу классташы Асылбек Жоошбековго үй салып беришти. Белгилүү болгондой, Жоошбековдун 5 баласы бар. Өзү да көп балалуу үй-бүлөдө өскөн. Үйдүн курулушуна жана жер тилкесин сатып алууга кеткен чыгымды 23 классташ көтөрүп, жалпы 500 миң сомдун тегерегинде каражат кеткен.

"Курулуш иштерине да толугу менен өзүбүз катышып, ашар жолу менен үй салдык", - дейт уюштуруучулардын бири.

Токтогулда 10 жылдык бүтүрүүчүлөр аз камсыз болгон үй-бүлөнү жаңы конуштуу кылышты

"Токтогул районунун Толук айылында жайгашкан Канаша орто мектебин 10 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр айылыбыздагы Садырбек Байсалов аттуу аксакалдын үй-бүлөсүнө үй салып беришти. Бул жагымдуу кабарды уккан айыл эли да колдон келген жардамын аябай үйгө керектүү болгон буюмдарды алып келип, үй ичин толтуруп берип аксакалдын үй-бүлөсүн кубанычка бөлөдү", - дейт айыл тургуну Тилек Зарлык уулу.

Аксыда 5 чакырым алыстыктагы мектепке жөө барып келген окуучуларды эми кичи автобус ташыйт

Аксы районунун Ак-Дөбө айылындагы мектепти 2009-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр мектепке кичи автобус белек кылышты. Айыл башчысынын айтымында, аталган мектепке 5 чакырым алыстыктан окуучулар жөө келип кетишет. Буга байланыштуу 40 бүтүрүүчү биригип, 200 миң сомго кичи автобус сатып беришкен. Мындан сырткары алар мектеп окуучулары үчүн бир нече спорттун түрү боюнча мелдештерди уюштуруп, акчалай сыйлыктарды тапшырышкан.

Лейлек районунда Курбаналы Сабыров атындагы мектепте таза суу чыгарылды
Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Курбаналы Сабыров атындагы орто мектептин 1999-жылкы бүтүрүүчүлөрү таза суу чыгарып беришти. Коргон айылынын жашоочусунун айтымында, суу түтүктөрү 500 метр аралыктан тартылып келген.
"Буюрса, мектептеги көптөн бери чечилбей келе жаткан көйгөй чечилди. 20 жылдык бүтүрүүчүлөрүбүз 100 миң сомдун тегерегиндеги каражат сарптап, таза суу менен кошо мектептин ашканасына, спорт залына аристон орнотуп беришти. Мындан сырткары жаштар арасында спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү", - деди тургун.
Кочкор районунда 20 жылдык мааракесин белгилеп жаткан бүтүрүүчүлөр жалгыз бой аялдын үйүн оңдоп-түзөп беришти
Кочкор районундагы Кара-Күнгөй айылындагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектепти 1999-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн бири Таалайбек Дөөталиевдин айтымында, алар өз ара кеңешип айылдагы жалгыз бой аялдын үйүнө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүнү чечишкен.
"Фатима апа үйүндө жалгыз жашайт. Классташтар биригип, үйүн баштан аяк оңдоп-түзөдүк. Келинчектерибиз үйдүн ичин иретке келтирип, жыйнап беришти. Апанын жолдошу бир нече жыл мурда каза болуп калган", - дейт Дөөлөталиев.





10-20-жыл мурун мектепти бүткөндөр кандай сооп иштерди жасады?

Автор: Наргиза Талантбекова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
29.05.2019. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Туура эле мектепке кыла бергенде эч нерсе чыкпайт. Директорлор эле уйлоруно алып кетип калышат
29.05.2019. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аллах ыраазы болсун,сооп иштерди жасап башкаларга үлгү болупсуңар,,биз да 20 жыл мурда бүткөн элек, Россияда жүрүп барган жокмун,,сооп алганга аракет кылдык,кафеге барганда пайда жок
29.05.2019. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Орозодо соопко калыпсыздар сиздерге кудай берсин
29.05.2019. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
МашАллах Аллах разы болсун аамин
29.05.2019. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кара Кулжада да майып балага уй салып беришти эле.Ал жонундо жазылбаптыр.Интернеттен кордум эле.Мейли,Алла Таалам жакшы иштерди билсе болду да.
31.05.2019. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mister-X,Кара-Кулжада майып классташына өтө сонун үй салып беришиптир, миллион сом сарптап. Ичин толтуруп, идиш-аяктар, төшөнчүлөрүн да алып беришиптир. Аны жазышпаптыр го.
30.05.2019. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биз дагы 3 жылдан бери адатка айлантып алдык .Аз камсыз болгон уйго мал алып бердик 1 жылы 2 жылы айылыбызга жарыктандырдык 3 жылы айылыбызга ото сонун арка курдук оштун аркасынан аз маз калат чондугу боюнча суугат жэрге суу чыгарганга жардам да беришти .Биздин бийликтегилер кылбаган ишти озубуз кылтабыз буюрса .Азыркы жаштар кыйын бийликтегилер кетсе тез эле онугуп кетебиз .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: