Депутат: "Абдраимов "ырайыңыз жакпайт" дегени үчүн журналисттер аны талап, жеп коё жаздады. Бизди экс-президент "чимкирик" деп айтса да унчукпай отурабыз"
Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңеште депутат Кожобек Рыспаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин парламентти "чимкирик" деп айтканына нааразы болду.
"Унчукпай отура беребизби? Туйгуналы Абдраимов журналистке "ырайыңыз жакпайт" дегенде ЖМК өкүлдөрү аны талап, жеп коё жаздады. Экс-президентибиз Жогорку Кеңешти "чимкирик" деп жатса унчукпай отурабыз. Сиз төрагасыз биздин укугубузду коргошуңуз керек. Ооздон чыккан сөзгө экс-президент жооп берсин. Бул жерде "чимкириктер" эмес, саясий элиталар отурат", - деп төрага Дастанбек Жумабековго кайрылды.
8-июнда Бишкекте өтүп жаткан митингде экс-президент Алмазбек Атамбаев парламент депутаттарын "чимкирик" деп атаган.
10-июнда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов кызматынан бошотулган. Буга чейин ал журналисттердин бирине "ырайың жакпай калды" деп айтып, коомчулуктун жана журналисттердин сынына кабылган.
Депутат: "Жогорку Кеңеш чимкирик да, какырык да эмес. Биз элитабыз"


Рядовой кожобеков
Элита кембагал деп болуштун кереги жок эки жуздуу экенин билебиз
Аша бар маалында кошаматчы болгонун дагы