Төрт-Гүл суусуна чөгүп каза болгон баланын атасы: "Уулумду куткарам деп каза болгон бала бир үйдүн жалгыз баласы экен"
Баткен облусунун Төрт-Гүл суу сактагычына чөгүп кетип каза болгон 20 жаштагы Нуртилек Сүйүнбай уулу үй-бүлөнүн эң улуу баласы болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркум баланын атасы Сүйүнбай Марипов билдирди.
"Уулум 20 жашка чыккан. Аты-жөнү Сүйүнбай уулу Нуртилек. Өзү Ош шаарындагы колледждердин бирин аяктаган. Өзүмдүн төрт уул, бир кызым бар.
Уулум окуя болор күнү мени Бишкекке узаткан. Себеби мен Бишкек-Баткен багытында такси кызматын көрсөтүп иштейм. Ал сууга түшкөнү достору менен барган экен. Бирок эмне болуп чөгүп кеткенин билбейм. Мага каза болду деп кабар айтышты. Өлүкканага барсам баламдын жанында дагы бирөө бар экен. Сураштырсам ал баламды куткармакчы болуп өзү дагы чөгүптүр. Айткандарга караганда, ал бир үйдүн жалгыз уулу экен. Өзүм да баламды жоготуп минтип ыйлап турганда ал баланын жакындары менен байланыша элекмин.
Балама эч кандай соттук-медициналык экспертизаларды дайындаткан жокмун. Себеби - бул кокустук. Уулум дайыма жакшы адам болгонго аракет кылып турчу. Кыялдары, максаттары көп болчу. Тун уулум болгондуктан аны бөтөнчө жакшы көрчүмүн", - деди Марипов.
15-июнь күнү Төрт-Гүл суу сактагычына саат 16:00 чамасында 1997-жылы туулган А.Б. жана 1999-жылы туулган С.уулу.Н. аттуу эркек балдар сууга чөгүп кетишкен. 16-июнь күнү эртең менен куткаруучулар эки адамдын жансыз денесин таап, суудан алып чыгышкан.
Баткенде суу сактагычка 2 адам чөгүп каза болду


Абдан окунучтуу...