КСДП: "Таңга жуук Алмазбек Атамбаевден мамлекеттик күзөт кызматы айтпай туруп кетти"





Бүгүн, 28-июндун таңында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн мамлекеттик күзөт кызматы кетти. Бул тууралуу таңкы саат 4:30дар чамасында "Элдик штабга" белгилүү болгон. Бул убакытта штабдагылар үйдү көздөй кимдир бирөөлөрдүн кирип келген үнүн угушкан. Бирок штабдагылар издеп эч кимди көрө алышкан эмес. Ошол эле учурда Атамбаевди коргоого алган мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери өз ордунда жок экенин көрүшкөн.
"Мына, эч кандай эскертүүсүз мамлекеттик күзөт кызматын алып кетишиптир. Бул туура эмес, өзгөчө макамы бар адамдан мындай кызматты алуу үчүн кайсы бир чечим керек да. Бирок биз, "Элдик штабдын" мүчөлөрү Алмазбек Шаршеновичти коргоодон качпайбыз", - деди КСДПнын саясий кеңешининин мүчөсү Алга Кылычов.
КСДП: "Таңга жуук Алмазбек Атамбаевден мамлекеттик күзөт кызматы айтпай туруп кетти"
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-06-24
Рейтинг:
1

Сен билесинби азыр күнөөнүн баарын Атамбаевге тануулап салды. Бирок ошонун баарын Жээнбековтор жасашкан, азыркы депутаттардын тиешеси бар. Атамбаевди колдойбуз. Жээнбековтордун дагы жооп бере күнү келет.
Элде деле намыс бар. Атамбаевти Жээнбековтун куугундугунан коргоп алышат. Жээнбеков күчүнө таянбай эле койсун.
Жээнбековтой саткын адамдын шайланып калышы күмөн болчу. Байкуш Атамбаевтин ак көнүлдүгүнөн алданып калды. Кичинекей баладай болуп ичинде кири жок. Элим жана журналисттер калыс болоор.
.. аягында озунор эл баатыры болуп алчу эленер..
Же туура айтасын адашып басып алыпмын созуно кошулам
Акчасы жок отурган элдер эмне бара берет коргоочу болуп..