super.kg logo

ӨКМнын 6 кызматкери Дача-СУ айылындагы кырсыктан кийин уюлдук телефондорду алган деп айыпталууда

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым кызматкерлерине кылмыш иши ачылды. Буга кызматкерлердин Дача-СУ аймагына Боинг жүк ташуучу учагы кулап, кырсыктагандан кийин уюлдук телефондорду алганга шектелгендиги себеп болгон. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта SUPER.KG порталына күч органдарындагы ишенимдүү булактардан билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө маалында кырсыктан кийин аталган аймакта куткаруу иштерин жүргүзгөн ӨКМнын 100гө жакын кызматкери суракка алынган.

"Кырсык болгон аймактан ӨКМнын айрым кызматкерлери уюлдук телефондорду алгандыгы боюнча "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "тергөөгө тоскоолдук жаратуу" беренелери боюнча кылмыш иштери ачылган.

31-июль күнү Биринчи Май райондук соту тарабынан бул кылмыш иши боюнча соттук отурум болуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 кызматкери өлкөдөн чыкпоо боюнча тил каттын негизинде коё берилген. Алардын баары учурда ӨКМде иштешет", - деп билдиришти булактардан.

2017-жылдын 16-январында Бишкектин четиндеги Дача-СУ аймагына жүк ташуучу учак кулап, 35 Кыргыз жараны жана 4 экипаж мүчөсү көз жумган. Ал учакта 85 тонна жүк болуп, Гонконг-Бишкек-Стамбул багыты боюнча учуп бара жаткан.






Алты куткаруучу Дача-СУдагы кырсыктан кийин уюлдук телефондорду алган деп айыпталууда

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
06.08.2019. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Шука буларга тийишпей,жук ээсин таппайсынарбы?
06.08.2019. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жүктүн ээси Кой ташта тайраңдап жүрөт го,ошону кармабайсыңарбы?Анан эле МЧСтин куткаруучуларын көрбөй туруп эле күнөөлөй бербей.АША телефон алып келбегенде самолёт да кулабайт эле,жарандарыбыз да каза болбойт эле.Эң башкы күнөөкөрдү Кой таштан жетелеп келип соттогула ары.
06.08.2019. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уюлдук телефондорду алгандарды эмес уюлдук телефондорду самолетко салганга кылмыш ишин козгогула, и так ал телефондор контрабанда. Ээси Кой Ташта
06.08.2019. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кичинекейинен эмес чонунан баштабайсынарбы
06.08.2019. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул Дача Суу басты басты болуп калды окшойт эч ким териштирбей.
06.08.2019. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
elchi84,Дача-Суу эле эмес,АША да басты,басты болуп калды го ттынчып
SUPER.KG видео
07.08.2019. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
??????
07.08.2019. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошончо тазалоо, жыйноо иштерин жургузгон байкуш жигиттерден телефон айлансын! Адамдар олуп кетпедиби! жуктун ээси жооп бериш керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: