super.kg logo

Курсан Асанов Атамбаев менен болгон сүйлөшүү тууралуу: "Тасмада көрсөтүлгөндөй сүйлөшүүнү мен жүргүзгөм"

 

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен болгон сүйлөшүүнү ким жүргүзгөн деген суроого жооп берди.

"Тасмада көрсөтүлгөндөй сүйлөшүүнү мен жүргүзгөм. Өз учурунда", - деди Асанов.

Бүгүн, 27-августта Биринчи Май райондук сотунда Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралды. Сот Асановду 13-октябрга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарды.

13-августта Курсан Асанов "милициянын кызыкчылыгын сатты" деген жүйө менен министрдин орун басары кызматынан бошотулган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы министр Кашкар Жунушалиев Атамбаевди кармоо учурунда аны менен жалпысынан 3 жолу сүйлөшүү жүргүзгөнүн, министр макул кылдырган соң гана ал ишке Асанов аралашканы тууралуу маалымат тараткан.

Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.






Курсан Асанов өзүнө тагылган айыпка макул эмес

Автор: Айсалкын Качкынбекова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
28.08.2019. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ужас аралашкан детектив башталды.
28.08.2019. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
сатылып кеткен генералды кинодо гана корчу элек билбесем эми бул генерал Асановдун историясы кандай
28.08.2019. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Асанов кашыктап чогулткан абийирин чөмүчтөп төгүп алды Атамбаевге кызмат кылам деп
28.08.2019. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Сага чейин эле Кундуз ким суйлошуу жургузгонун айтып койду. Суйлошуу жургузбой эле пиар менен алектенгем десе туура болот
28.08.2019. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кашкар байке баарын даяр кылып койгондон кийин пиар кылып тасмага тартканы ашыкча болуп калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: