super.kg logo

"Аны да какшап жүрүп араң алдык". Контейнер мектептин ачылыш аземи талкууга түштү

 

Интернет тармагында контейнер мектептин ачылыш аземинен тартылып алынган сүрөт талкуу жаратты. Анда интернет колдонуучулар "ачкандары контейнер мектеп, бирок ачылышка бир нече аткаминерлер келген" деп сындашууда.

Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы орто мектебин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыйроо абалында турат деп тизмеге киргизген. Мындан улам окуучулардын ал мектепте окуусуна тыюу салынган. Учурда аталган айылдагы окуучулар жаңы окуу жылын контейнерде окуу менен баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Майрамбек Өмүрбаев SUPER.KG порталына билдирди.

ӨКМ мектепти авариялык мектеп деп каттаган. Мектеп коопту абалга келгендиктен, айылга мобилдик мектеп деп алты контейнер алып келип беришкен. Ал жерде окуучулар кадимки эле эки нөөмөт менен окушат. Имарат азыркы учурда курулуп баштала электигине байланыштуу, мобилдик мектептерде окуучулар кышында дагы билим алышат. Контейнерлер атайын окуучуларга ылайыкташкан, жылуулук менен камсыз болгон контейнерлер экен”, - деди Майрамбек Өмүрбаев.

Ал эми аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Алсеитов төмөнкүлөргө токтолду:

"Биздин мектеп көп жыл мурун жыгачтан курулган мектеп болчу. Мектеп кулайын деп, үстү ачылып, салаңдап турат. ӨКМ мектептин авариялык абалда экенин 2015-жылы эле чыгарган. Ушул күнгө чейин түзөтүп, жөлөтүп, тросс менен тарттырып окуп келдик. Жазында ӨКМ кайра келип, мектепте окуганга такыр болбойт деп эскертүү берген. Андан кийин чатыр алып келип, убактылуу окутабыз деген убадалар дагы болгон. Кийинчерээк чатырдан дагы дайын жок болуп кетти. Күзгө чейин кайрылып отуруп контейнерлерди эми жиберишти. Мектеп жараксыз абалда тургандыктан кышында дагы балдарыбыз ушул мектепте окууга аргасыз. 2015-жылдан бери кайрылып эле келебиз, бирок жыйынтык болбой жатат. Мектептин сметасы эсептелинип, долбоору түзүлүп бүттү. Бюджет жагын карап, титулдук баракка киргизип берсе жакшы болмок. Жок дегенде казса, кийинки жылы курулушун бүтүрүп алмакпыз”, - дейт айыл башчы.

Бул 6 контейнерде бүгүнкү күндө 172 бала билим алып жатканын кошумчалады ал.






Бир сүрөттүн баяны: Контейнер мектептин ачылышы талкууда

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
03.09.2019. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Туура кыйратып койгонсуп барышкан тура как будто 2 этаж мектеп салып коюшкансып. Булар наоборот байкуш мугалимдерди банкрот кылып кетиштида конок болушуп
03.09.2019. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Премьер барып ачпабтырда.
03.09.2019. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ии айланайындар ай,деги кайсы доордо жашап жатавыз??? Ушундай биздин олкодо эле барбы контейнере окуган??
03.09.2019. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Темирден аябай сапаттуу мектеп салып бердик деп кыйын болуп барышканго.
Samatalibei түзөттү 2019-09-03 17:18:46
03.09.2019. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бир отоло Жеенбеков менен Абылгазиев барбаптырда ачылышына лента кыркканы
10.09.2019. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Былтыр да быйылда айылдарды онуктуруу жылы деп жарыяланды беле?!Эмики жылы да ошондой жарыялагыла.Кыйналбай эле жепжутар дупутаттарды санариптештируу онуктуруу деп эле жарыялап койгула!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2019-09-10 12:36:57
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: