Жактоочу: "Алмазбек Атамбаевди коомго кооптуу адам катары көрсөтүү аракеттери жүрүүдө"




Бүгүн, 4-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишине байланыштуу соттук отурум болуп өттү. Ишти Бишкек шаардык соту карады.
Соттук процесстен чыккан жактоочулар Сергей Слесарев менен Замир Жоошев журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Алардын айтымдарында, жактоочулар сотко 2 өтүнүч менен кайрылышкан. Анын биринчиси Алмазбек Атамбаевдин 7-8-августта кармалышы, бул фактыны кайрадан кароо, экинчиси Атамбаевге карата 26-октябрга чейин абакта калтыруу боюнча тандалган баш коргоо чарасын өзгөртүү.
"Бирок сот биздин өтүнүчтөн баш тартты. Чынында, биз башкача чечим болот деп деле күткөн эмеспиз. Анткени соттук уктуруу кандай өткөнүн көрдүңүздөр да, УКМКнын имаратында, соттук отурумдун жабык өтүп жатканынын өзү эле башка жыйынтык болушу мүмкүн дегенди билдирбейт. Биз келтирген далилдер сот тарабынан такыр эске алынган жок", - деди Слесарев.
Ал эми Замир Жоошев соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүн мыйзам бузуулар менен өтүп жатат деп сыпаттады.
"Эгер экс-президентке карата иш ушундай абалда өтүп жатса, башка адамдарга кандай болот. Негизи сот ачык болушу керек болчу, ачык болсун деген өтүнүчтөрүбүз да четке кагылууда. Бул аракеттер Алмазбек Шаршеновичти коомго кооптуу кылмышкер катары көрсөткүлөрү келгенинен кабар берет", - деди жактоочу Замир Жоошев.
Ошондой эле ал соттук отурумдар соттун имаратында гана өтүшү керектигин белгиледи.
Жактоочу: “Алмазбек Атамбаевди коомго кооптуу адам катары көрсөтүү аракеттери жүрүүдө“



1 |