super.kg logo

Бишкектеги 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. Автобустун айдоочусу жандандыруу бөлүмүндө

 

Бишкектин Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндөгү 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгындагы автобустун айдоочусу жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясына караштуу "Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу" автотранспорттук мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мекеменин кызматкерлери кечээ, 9-сентябрда айдоочунун абалы менен таанышып келишкен.

"Бүгүн айдоочу палатага которулушу мүмкүн. Биздин мекеме жана башка автобустун айдоочулары кырсыктаган жарандарга жана ооруканадагы айдоочуга жардам берели деп жатабыз", - деди мекемеден.

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө, тактап айтканда, Киргизия-2 жаңы конушунун тушунда 2 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталганы маалымдалган. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 17 жаштагы 4 жаран окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми 7 адам ар кандай жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген. Алардын арасында автобустун айдоочусу да бар.








4 адам көз жумган кырсыктагы автобустун айдоочусунун абалы оор

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: