super.kg logo

4 адам көз жумган кырсыктагы автобустун айдоочусу палатага которулду

 

Бишкекте 9-сентябрда жеңил унаа менен автобус кагышып, 4 адам көз жумуп, 7 киши жаракат алган. Кийинчерээк каза болгондордун баары болгону 17 жаштагы балдар экени белгилүү болду. Жаракат алгандардын үчөө Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган. Жеңил унаа менен сүзүшкөн автобустун айдоочусу бүгүн жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулганын борбордун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Советбек Сатиев билдирди.

"Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө болгон кырсыкта жабыркаган автобустун айдоочусун 30 жаштагы Б.А. деген жаранды азыр жандандыруу бөлүмүнөн палатага котордук, бирок абалы оор" деди Советбек Сатиев.

9-сентябрь күнү Бишкектеги Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө жеңил унаа менен автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталып, кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 17 жаштагы 4 жаран окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми 7 адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Алардын арасында автобустун айдоочусу да бар.






4 адам көз жумган кырсыктагы автобустун айдоочусунун абалы оор

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: