super.kg logo

Кыргызстандык кары Москвадагы эл аралык куран жарышында калыстык кылды

 

Кыргызстандык кары Асылбек Таштемиров Москва шаарында өткөн XXVI эл аралык Куран конкурсунда калыстар тобунун курамында иштеди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынак 29-30-октябрь күндөрү өтүп, быйыл Африка өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнө арналды. Ага 45 өлкөдөн катышуучулар тандалып, 13 кары финалдык турга жолдомо алган.

Мелдеште катышуучулар Куранды жатка билүү, аяттарды туура окуу, тажвид эрежелерин сактоо жана кыраат чеберчилиги боюнча бааланды.

Жыйынтыгында биринчи орунду Ливиянын, экинчи орунду Кениянын өкүлү ээледи. Үчүнчү орунду Руанда менен Жибутинин карылары бөлүштү.

Мекемеден кыргызстандык карынын эл аралык деңгээлде калыстык милдетин аткарышы өлкөдөгү Куран илиминин өкүлдөрүнүн тажрыйбасын жана кадыр-баркын көрсөтөрүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: