Кожобек Рыспаев: "Парламентте элиталар отурат деп койсом, кандай гана асылуулар болду"
Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңеште депутат Кожобек Рыспаев профсоюздардын айланасында болуп жаткан маселе боюнча айтты.
"Профсоюз деген "монстр" чыкты. Депутаттар мыйзам долбоорун жазып жатса кабинеттерди кыдырып жатат. Ачык эле телефон номерлерин коюп жазып жатат. "Кутман таң, жакында бул койлорду тандайбыз, профсоюздар жөнүндө жаңы мыйзам жазып жаткандарды жоготуш керек. Ошолордун 2020-жылкы шайлоодогу тизмеде болбошуна аракет кылыш керек. Бул биздин колдон келет, биз жеңебиз" деп жазып жатышат. Биз ушунчалык кордукка чыдайбызбы? Директорлор кеңешиндеги 28 киши мамлекеттин ичиндеги мамлекет болбосун. Өкмөткө профсоюз тууралуу мыйзамды өткөргөнгө чейин бир да мүлк сатылбасын деп тапшырма берели. "Достук" мейманканасын сатабыз деп жатышат.
"Чимкирик парламент" дегенге жооп берип, элитабыз деп койсом кандай гана асылуулар болду. Бул жерде кимдер отурат, чын эле айттым да. Бири-бирибизди колдоп мындайларга бөгөт коюш керек. Профсоюз тууралуу мыйзам долбоорун өткөрүү керек", - дейт Рыспаев.
Кожобек Рыспаев: “Элитабыз десем асылып жатып калышты, эми койлор деп жатышат“




















1 |