super.kg logo
  Саясат  

Руслан Матраимов: "Мен жеке ишкермин, менин менчигимди уруксатсыз видеого тартса аны коргойм". Буга "Азаттыктын" жообу кандай?

 

28-сентябрь күнү Ош шаарында "Азаттык" радиосунун кабарчыларынын катышуусундагы окуя тууралуу Ош шаардык милиция маалымат тараткан. Анда "Азаттык" Ош шаарындагы үйлөрдүн биринин жашоочулары бизге таандык видеокамера менен дронду тартып алды десе, экинчи тарап "үйдүн үстүнөн белгисиз дрон тынымсыз учуп, тынчтык бербестен, менчик үйдү уруксатсыз видеотасмага тартууда, үйдө жашаган адамдардын жеке жашоосуна кийлигишип, алардын өмүрүн коркунучка салууда" деп арызданган.

Арызданган экинчи тарап айтылуу Матраимовдордун кичүү иниси Руслан Матраимов экендиги белгилүү болду. Биз бул окуяга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдон комментарий берүүсүн өтүндүк. Бирок эл өкүлү окуя орун алган үйдүн ээси Руслан мырзага кайрылууну сунуштады.

Руслан Матраимов ал үй ага тиешелүү экенин, өзү болсо эч кандай мамлекеттик кызматтарда иштебестигин айтып, жеке бизнес менен алектенген менин менчигимди каалагандай тартып калчаса, мен коргоого алам деген оюн айтат. Айтымында, дрон анын короосундагы адамдын башына түшүп, ал жаракат алган.

"Үйдө кичинекей балдар-кыздарым бар, жаныбызда "Келечек" балдар борбору да жайгашкан. Дрон балдардын башына түшүп кырсыктаса ким жооп бермек?", - дейт Матраимов.

Ошол эле учурда "Азаттык" радиосунун журналисти Ыдырыс Исаков анын агаларынын баары кызматтагы адамдар, кызматтагы адамдардын жеке маалыматтары ачык болушу керек деген пикирин айтып, съемка үчүн алардын уруксаты керек эмес дейт.

SUPER.KG порталы тараптардын талаш-тартышын бардык катышуучулардын өздөрүнөн укту.

Эки тараптын талаш-тартышы камтылган видеорепортаж SUPER.TV'га жарыяланды.






Жеке менчик кол тийбестиги менен журналисттик ишмердүүлүктүн кагылышы

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: