9 балалуу жубайлар 7 тойду бир өткөрүштү (видео)

26-сентябрда SUPER.KG порталы 2-октябрь күнү бир үй бүлө бир күндө 7 той өткөрө турганы боюнча жазган.
Бул маалымат чыгары менен окурмандар ысырапкорчулукка жол бербей, жакшылыкты чогуу өткөрүп койсо болот деген ойлору менен бөлүшүп, пикир калтырышкан.
2-октябрда SUPER.KG порталы өзгөчө тойдун жүрүшүнө күбө болуп, той ээлеринин кубанычтары менен бөлүштү. Жакшылыкка жалпы 200дөн ашуун адам келишти. Алар ак өргөөсүнүн тоюн, эгиз кыздарынын жентек тоюн, эки баласынын сүннөт тоюн жана эки бой жеткен кызынын кыз узатуу тоюн өткөрүштү.
Той ээлери Талантбек Кожобеков 43 жашта болсо, жубайы Айнура Жолдошева учурда 28 жашта. Айнура Жолдошева Талантбек Кожобековго 16 жашында турмушка чыккан. Талантбек Кожобеков биринчи турмушунан жолу болбой 2 кызын өзү алып калган. Андан кийин Айнура Жолдошевага баш кошкон. Алар 9 бала тарбиялап келишет. Он жыл аралыгында түгөйлөр 7 балалуу болушкан. Алардын эң кенжеси эгиз кыздар. Айнура Жолдошева "Баатыр эне" наамын дагы алган.
Талантбек Кожобеков үй-бүлөдө 15 бир туугандын эң кичүүсү. Азыркы учурда алардын 10у бактылуу жашап, өмүр сүрүп жатышат.
Кожобековдун эжеси Шаанихан Кожобекова атайын Оштон инисинин жакшылыгына күбө болуп кетүү үчүн келген. Ал инилеринин эл керегине жараган, мыкты инсандардан болуусун, сиңдилеринин бактылуу өмүр сүрүүсүн каалайт.
"Иним Талантбек менен келиним Айнура сүйүшүп жүрүп баш кошушкан. Азыр бактылуу өмүр кечирип жатышат. Келинимди баарыбыз жакшы көрөбүз. Апам дагы Айнураны жакшы көрчү. Тилекке каршы апамдын көзү өтүп кеткен. Келиним ата-энемди сыйлайт, биз дагы аны сыйлап, жакшы көрөбүз. Себеби келиндин ата-энеңди сыйлап турганынан өткөн бакыт жок да", - деди ал.
Ал эми турмуш жолуна узап жаткан бир тууган эже-сиңдилер Ширинбү толкунданып турганын айтып, бир күндө 7 той өткөрүүнү бакыт деп эсептейт.
Талантбек Кожобековдун жеңеси Толкунай Эсенбаева көп эле тойго барып жүргөнүн, мындай той эч жерде болбогонун, эксклюзивдүү той экенин айтып, кубанычын жашыра албай турду.
Талантбек кызы Илимбү Ширинбүдөн бир жаш кичүү, бирок ал эжесинен мурун турмушка узаган. Учурда кош бойлуу. Анын үлпөт тою өткөнү менен кыз узатуу тою болгон эмес. Мындан улам анын кыз узатуу тою аталган тойлор менен кошо өттү.
Талантбек Кожобековдун бир тууган агасы Мамасаит Жолдошев инисинин жакшылыгына кубанып, каалоо тилектерин айтты.
Өмүр бою бөлүп жүрөк жартысын,
Ким издебейт балдарынын бактысын.
Бүт ааламга сунар элем сураса,
Сүйүү кылып карегинин тамчысын.
Бир күндө балдарына арнап 7 жакшылыкты бир өткөрүп, элден бата алган үй-бүлөгө биз дагы бакыт каалап, айтылган тилектерге кошулуп кайттык.
7 тойду бир өткөрүштү: Жубайлар 9 балалуу, балдардын апасы 28 жашта



Токтогул аба менен Санамбу эженин арбагы колдоп журсун баарыныздарды.