super.kg logo

Аида Салянова: "Инимдин өлүмү боюнча УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевге бир нече суроолорум бар"

 
Аида Салянованын иниси, маркум Улан Салянов
УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова УКМКнын мурунку башчысы Абдил Сегизбаевди күбө катары соттук отурумга чакыруу өтүнүчүн келтирет. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-октябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда журналисттерге билдирди. Райондук сотто анын иниси Улан Саляновдун өлтүрүлүшү боюнча кезектеги соттук отурум өттү.

Салянова сот иштери созулуп жатканын, ушул кезге чейин жыйынтык жок экенин айтып нааразы болду.

"Соттук отурум бир айда бир жолу же бир аптада бир жолу болуп калып жатат. Бүгүн да күбөлөр келбей сот отуруму жылды. Мен башынан эле айтып келгем, менин инимдин өлүмү боюнча саясий жагдайлар толук каралган эмес. Буга чейин да Абдил Сегизбаевди соттук отурумга чакыруу өтүнүчүн келтиргенбиз. Ага менин бир нече суроолорум бар, ал киши суроолорго жооп бергенден кийин дагы башка адамдарга карата суроолор жаралышы мүмкүн. Бирок сот талапты жакшы койбой, прокурорлордун бирин отурумга алып келе албай, биз күбөлөрдү сурап бүтө албай жатабыз", - деди ал.

Журналисттердин эмне себептен иниңиздин өлүмү боюнча Сегизбаевге суроолор жаралат деген суроосуна Салянова кылмышты уюштурган адамды Сегизбаев өз кызыкчылыгына колдонуп жүргөн, тааныштык жайлары бар деп жооп берди.

"Анткени бул ишке чейин ал мени каралоодо, Белизгейт, Елисеев боюнча менин үстүмөн бир нече кылмыш иштерин козгоо аракеттерин кылган. Бирок ал аракеттери ишке ашкан эмес. Инимди өлтүрүү кылмыш ишиндеги уюштуруучу, Орусиядан экстрадицияланган Абыкуловду ошол учурдарда Сегизбаев колдонуп жүргөн. Анын үй-бүлөсүн да колдонуп жүргөн. Мен билем Сегизбаев Абыкуловду колдонуп жүргөнүн. Мындан улам мен Сегизбаевге бир нече суроолорду берип, чындыкка жетишим керек", - деди ал.






Алмазбек Атамбаев Батукаевдин иши боюнча соттук отурумга келүүдөн баш тартты

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз өлкөдөн чыгып кетиши боюнча алгачкы соттук отурум болуп өттү

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: