Өлкөдө ун кымбаттады, жакынкы күндөрү нан кымбаттайт (видео)
Кыргыз өлкөсүндө акыркы эки жумадан бери ундун баасы кескин кымбаттады. Ундун кымбаттаганынын таасиринен улам Бишкектеги ашкана, кафелерде дагы ундан жасалган тамак-аштын баасы өскөн. Мындан улам SUPER.KG порталы "Ош базарына" барып ун саткан сатуучулар менен баарлашты.
Аталган базарда Казакстандын жогорку сорттогу ундун 1 киллограмы 35 сом, ал эми Кыргыз өлкөсүнүн биринчи сорттогу 1 киллограм ундун баасы 30 сомдон сатылып жатканына күбө болдук. Сатуучулар билдиришкендей, учурда базарда ундун стабилдүү баасы сакталбай кымбаттап кеткен. Алар бул кымбаттоо сатып алуучулардын нааразычылыгын жаратып жатканын айтышты.
"Ош базарында" 20 жылдан бери ун сатып иштеген Айнура Таласбаева ундун кымбаттаганы керектөөчүлөргө эле эмес, сатуучуларга дагы кыйындык жаратканын айтат. Анткени алар унду дүңүнөн сатып алып жатканда каражат жагынан айырмачылык байкалган. Мындан улам ал өкмөт ундун кымбаттоонун алдын алып, көзөмөлдөсө болмок деген пикирде.
Илимбек мырза көп жылдан бери ун ташып эмгектенет. Ал үч баласын ундун бир мүшөгүн он сомдон ташып, акча таап багып келе жатат. Ал ак эмгеги менен нан таап, адал тамак менен бала багып келе жатканына шүгүр айтканы менен жумушу оор түйшүктү талап кылганына токтолду.
Ал эми атайын алыстан ун алуу үчүн келген сатып алуучу Гүлзада Токтогулова эки күн мурун эле ундун баасы төмөн болгонун ошол учурда ун сатып албаганын айтып өкүнүп турду. Анткени ал нанды чанда эле сатып албаса, балдарына ар дайым өз колу менен нан бышырып берүүгө көнгөн. Мындан улам ал дайыма базарга келип, ун сатып алып турат.
Сатуучу Кундуз Исакова азырынча нандын баасы көтөрүлө электигин, бирок эртең, бүрсүгүнү анын баасын көтөрүү сүйлөшүлүп жатканын айтты. Ал Казакстандын уну кымбат болуп, анын баасы асман чапчып жатканына кабатыр. Анткени көпчүлүк навайчылар Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн ундардан нан жасай алышпайт. Анын себебин алар ундун сапатынын начар экендиги менен түшүндүрүп беришти. Мындан улам сатуучу өз элибизде сапаттуу ун өндүрүлсө, коңшу Казак өлкөсүнө муктаж болмок эмеспиз дейт.
Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкери Сыргак Оморов ун Казахстандан кымбат келип жатканын айтып, бул боюнча комментарий берди.
"Казакстан буудайдын бааларын көтөрдү. Мурун Казакстандан буудай тоннага 120 доллар менен келип жаткан. Азыр жаңы келишим боюнча баалар 203 долларга чейин өсүп кетти. Азыр дүң баада жогорку сорттогу ундун 1 киллограмы 25 сом 50 тыйын, биринчи сорт 23 сом 50 тыйын, экинчи сорт 15 сом. Ал эми чекене баада бир мүшөк жогорку сорттогу ун 1400 сомго чыгып, 1 киллограмы 28 сомдон айланып калды", - деди Оморов.
Анын билдиришинче, Казакстан өзү ички рыногун толтуруу максатын көздөп жаткандыктан, Кыргыз өлкөсүнө ун кымбат келүүдө.
Кечээ, 15-октябрда коңшу Өзбекстанда дагы нандын баасы кымбаттаган. Мындан улам аталган өлкөнүн министрлер кабинети өлкөнү нан менен камсыз кылуу механизмдерин толук ишке ашыруу боюнча буйрук чыгарды.
Өлкөдө ун кымбаттады













1 |